Жогорку Кеӊеште Президент тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалыгына көрсөтүлгөн Кулматов Кубанычбек Кеӊешовичтин талапкерлиги каралды.

 

Депутаттардан суроолоруна жооп берген талапкер Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын башчылыгына бекип калса, банктын ишинде жана анын жетекчилигинде анчалык деле кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын белгиледи.

 

“Улуттук банк азыр натыйжалуу иштөөдө. Экономикалык каатчылыкка да кыйла туруштук берди. Ошондон улам, ал азырынча кескин өзгөрүүлөрдү киргизүүгө муктаж деле эмес, бирок ишти алга жылдыруу аркеттери жасалат”, - дейт ал.

 

Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Кулматов Кубанычбек Кеӊешович Улуттук банктын төрагалыгына шайланды. Ырасында, айрымдар ар таӊда кечке жете тургудай нанга акча табуунун түйшүгү менен алектенишсе айрымдар акчаны сапырып, айлыкты миллион сомдон ашуун алып жаткан өлкө бул Кыргызстан. Мугалимдерибиз айына мээсин эзип атып араӊ 10-12 миӊ сом айлык алышат. Бирок, кээ бир адамдар «асмандан» түшө калып эле мугалимдин он жылда араӊ алган айлыгын бир айда алышат экен. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп турганда Кубанычбек Кулматов 15 миӊ доллар айлык алаары коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Эми канча айлыкка раазы болоор экен? Же банкты бүт менчиктештиреби?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити