Өкмөт башчы Сапар Исаков кызматына киришээр алдында парламентте “эгер чех компаниясы айтылган сумманы өз мөөнөтүндө төлөп бербесе, аны менен келишимди бузабыз”, - деген.
Өнөр жай, энергетика жана кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө караганда, аталган каражат "Электр станциялары" ишканасында ачылган эсепке 19-сентябрга чейин түшүшү зарыл.
Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстан жана Россия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Андан улам аталган ГЭСтерди россиялык "Русгидро" курмакчы болгон. Бирок, иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен келишим жокко чыгарылган. Андыктан Кыргызстан Россияга 37 миллион доллар бересе болуп калган. Кийин тендерден уткан чех компаниясы ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн алгач россиялык компанияга Кыргызстандын карызын төлөп бериши керек эле.