Бишкек, “Саясат. kg”. Бабанов менен Төрөбаев биригишкендерин жарыялашты.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев Жалал2Абад шаарынын эли менен жолугушууда Бабановду колдой турганын билдирди.
Ал мындай чечимге бийликтин айрым кылыктары түрткү болгонун айтты:
“Бабанов-Төрөбаев тандемине макул экенимди расмий жарыялайм. Бүгүнтөн тарта биздин урааныбызга “ Бабанов -президент, Төрөбаев - премьер-минист” айланды”.