Лейлек районундагы селдин кесепетинен улам катуу бөгөлүп калган Исфана-Кулунду-Арка автоунаа жолу тазаланып, айылдар арасындагы каттам жандана баштады.
Акыркы мезгилде Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровду “коррупцияга малынган” деп бир беткей айыптаган материалдар ЖМКларда козу карындай эле жайнады.
Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Эл аралык коомчулук ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт.
Бишкек, “Саясат.kg”. “Жогорку соттун Аиды Салянова боюнча чыгарган чечиминен уялып турам. Аны жоопко тарта турган башка иштери толтура болчу”,- деп билдирди Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев бүгүн жогорку сот органынын чечимине баа берип жатып.
Бишкек, "Саясат. kg". «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЕККУ менен кызматташтыкты жогору баалайт», – деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 22-майда, ЕККУ Баш катчысы Томас Гремингер менен жолугушуунун жүрүшүндө.
КР ЖКнын экс-депутаты, ири ишкер, меценат, “Улут жүзү” коомдук фондунун төрагасы Рустам Мамановдун чындыгында эмне себептен камакка алынганы дагы деле табышмак бойдон калууда. Бирок, айрым буга чейин белгилүү болгон жагдайлардан улам, эл ичинде бирин-серин чындыкка жакын версиялар пайда болууда.
Парламентте Мурадыл Ганыевич Мадеминов деген депутат бар. Өзү Кадамжайдан болот. КСДПдан мандат алган. Башка эл өкүлдөрү мыйзам жазып, эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын коргосо, бул депутат сөрөй ар качандан бир качан “патрону”, экс-президент А.Атамбаевдин жеке өзүнө ийилип, бүгүлүп кошомат кылып, ага акаарат келтиргендерге эле асылып жатып калат.
Башмыйзамыбызга ылайык, биздин экс-президенттер кандай иштегендигине карабай, эл менен мамлекетке пайдалуу иш жасадыбы же тескерисинче экономиканы алсыратып, элди жакырчылыктын сазына батырып койгондугуна карабай, кол тийбестик укугуна ээ.
Азыр көпчүлүгү кызматтан кетип, алды чет өлкөлөргө качууга үлгүрүп, калгандарына кылмыш иштери козголо баштаган эски бийликтин “босстору” С.Жээнбековдон кандай да болбосун өч алуунун амалын издеп жаткандыгы чын окшойт.
УКМК Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго коррупция боюнча айып такты. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 2 млн. АКШ доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталган.
Орусия бийлиги Интерпол аркылуу “Ислам мамлекети” террордук тобуна кирип кеткен Тажикстандын 28 жаранын издөөдө.
Экс-депутаттын ою боюнча, “президент Жээнбековдун сот реформасы боюнча айткандары жөн гана куру сөз” экен.
Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги куугунтуктар жана коррупция боюнча өлкө жетекчилерине кайрылуу
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-майда «Жи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Орусия президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу 21-майда эки өлкө башчыларынын телефон сүйлөшүүлөрү учурунда белгилүү болду.