А.Атамбаевдин каарына калган дагы бир саясатчылар тобу алды 10, арты 20 жылга соттолгон эмес беле. Өткөн жумада Жогорку сот “бийликти басып алууга аракеттенди" деп соттолгон Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун иши боюнча өкүм чыгарды.

Бирок Жогорку соттун коллегиясы аталган саясатчыларды күнөөлүү деп таап, Б.Асанов менен К.Кадыровду 8 жылга, Э.Карыбековду 14 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Буга чейин шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга кескен болчу. Ал эми Д.Сарыгуловду төрт жылга шарттуу эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөртүүсүз калды.  Б.Асановдун адвокаты А.Токталиев мындай чечимге нааразы экенин белгилеп, Жогорку сот адвокаттар келтирген далилдерди эске албаганын билдирди. Андыктан коомчулукта А.Атамбаев өзү бийликтен кеткен менен анын соттору адилетсиз чечим чыгарууну улантып жаткандыгы тууралуу пикир жаралууда. Болбосо бул саясатчылардын “бийликти басып алуу” аракетин далилдеген фактылар жок туруп адам өлтүргөндөн да оор жаза менен эркинен ажыратылышы даана саясый буюртма эмес беле. Андай болбосо, эмнеге алардын жаза мөөнөтү азайтылды? Сыягы, сот мындай чечимге коомчулуктун нааразычылыгын басыш үчүн эле барды окшойт.

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити