Криминалдык милиция кызматы Ош облусунун аймагында ушул жылдын май айынын ортосунда жасалган өзгөчө оор кылмыш ишинин бетин ачышты.


2018-жылдын май айында Ош шаардык такси кызматында иштеп жүргөн Кара-Суу районунун Наманган айыл округунун 1987-жылы туулган Э.И. аттуу жашоочусу дайынсыз жоголгон. Милицияга туугандары эртеси күнү кайрылышып, “Daewoo Matiz” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугун билдиришкен.


Тергөөнүн жүрүшүндө, Ош шаардык такси кызматында иштеп жүргөн Э.И. аттуу жаран таңкы саат тогузтар чамасында байланышта болуп, андан соң, катардагы кардарларын ташууну уланткан.


Дайынсыз жоголгон адамды издөөгө ички иштер органдарынын кызматкерлери киришип, иликтөө учурунда таксистке таандык болгон уюлдук телефон Жалал-Абад облусундагы дүкөндөрдүн биринен табылып, белгисиз адамдар сатуучуга 2000 сомго сатып жиберишкени аныкталган. Топтолгон материалдар боюнча айдоочуга белгисиз адамдар кол салып, автоунаасын ээлеп алышып, кылмышкерлердин курмандыгы болушу мүмкүн делип божомолдонгон.


Жогорудагы фактынын бетин ачуу жана дайынсыз жоголгон адамды табуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматтарынын ыкчам кызматкерлери жүргүзүшкөн. Ал эми, тергөө учурунда жабырлануучуга таандык “Daewoo Matiz” үлгүсүндөгү автоунаа 14-май күнү Чүй облусундагы стационардык постттордун биринен өткөндүгү маалым болгон. Республика аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери өзгөчө оор кылмыш ишинин бетин ачышып, аталган кылмыш ишине тиешеси бар делип, мурда уурулук үчүн соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун жана Казакстан Республикасынын эки жараны шектеле баштаган. Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн изинен түшүп, чек ара көзөмөл-өткөрмө пунктарында багыттамалар орнотулганын алар билген эмес.


Топтолгон материалдардын негизинде Ош ШИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Криминалдык милиция кызматынын иликтөөсүндө кылмышкерлер автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу максатында аталган кылмыш ишин жасашканы маалым болгон. 13-май күнү шектүүлөр айдоочуну сабап, автоунаанын багажына салып, элдер жок жерге алып барышкан. Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынан алыс эмес жерде өзгөчө оор кылмыш ишин жасашып, автоунаасын Токмок шаарына алып барышып, сатууга кардар издеп жүрүшкөн. Кылмышкерлер кардардын ишенимине кирип, автоунааны 1100 АКШ долларына сатып, ишеним катын кийин беребиз деп коюшкан. Кийин, автоунаа Чүй облусунун жашоочусунан табылып, атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди.


Шектүүлөр болсо, акча каражатын алган соң, изин жашыруу максатында Токмок шаарында жайгашкан чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышкерлердин бирөөсү, мурда уурулук үчүн соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган Т.Г. аттуу жашоочусу 22-май күнү “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Андан соң, кармалган жарандын көрсөтмөсү менен айдоочунун кайда экендиги аныкталып, анын жансыз денеси Кара-Суу районун Катта-Талдык айылынан алыс эмес жеринен табылган. Кылмышкерлер айдоочуну сабашып, өлтүрүп салышып, кылмыштын изин жашыруу максатында айдоочунун жансыз денесин өрттөп салышкан.


Азыркы учурда оор кылмышка тиешеси бар Казакстан Республикасынын эки жараны кармоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Алардын өздүгү такталган.
Андын сырткары, кылмышкерлердин башка дагы кылмыш ишине тиешеси бардыгы аныкталган. Жогоруда аталган кылмыш ишин жасоодон мурун, жергиликтүү тургундун эки миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын тартып алышып, тоноп кетишкен.


Козголгон кылмыш ишинин негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат.