Бишкектеги филармониянын жарыгы күн бата электе, айлана жарык кезде эле жандырылат.
Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов билдирди.
"Саат 17:00дөрдө эле филармониянын жарыгы жандырылат. Бул убак жарык кез да. Жарыкта жарыкты жандыруу электр энергиясын сарамжалдоого кош көңүл мамиле жасалганын билдирет. Бишкек мэриясы электрди үнөмдөсүн, алдыда жай келатат. Суу абдан керек болот. А биз болсо минтип, жарыкты үнөмсүз иштетип жатабыз", - деди депутат.
Ал өкмөт өкүлүн бул маселеге кайдыгер карабоого чакырды.