Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Кыргызстанга 1995-2000-жылдары чыгарылган эски автоунааларды алып келүүгө тыюу салуу керек деген сунушту жолдоду. 

 

Ал аталган жылдары, же андан да илгери чыгарылган автоунаалардын баарын өлкөгө ташып келе берүүнүн кереги жок деп эсептейт. 

 

"Керексиз нерселердин баарын мында алып келебиз. Тыюу салуу керек. Аны менен катар жол коопсуздугуна, экологияга зыян келип жатат", - деди депутат. 

 

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаеванын айтымында, өлкөдө миллиондон ашуун транспорт каражаттары бар. Оң рулдуулар да абдан көп, 2015-жылы мындай унааларды алып келүүгө тыюу салынганга чейин эле Кыргызстанга жетиштүү санда толгон. 

 

Ал эми алынып келинчү автоунааларды эски же жаңы деп бөлгөн эреже жок. 

 

"Анткен менен кыйыр барьер бар. Эгер автоунаа 12 жылдан ашык убакыт мурда чыгарылган болсо, аны каттоо акысы кымбат болот", - деди Туйбаева.