Эски бийлик президенттик шайлоодо “тоскоол болбошу” жана Дача-Судагы 40 адамдын өмүрүн алган авикырсык боюнча жана башка өздөрүнүн коррупциялык иштерин ачыкка чыгарган “легендарлуу” депутат Ө.Текебаевди кайдагы бир орусиялык Маевский деген шылуундун далилсиз көрсөтмөсү менен камаган болчу. Сыягы, азыркы сот системасы тазалана баштаган учурда А.Атамбаевдин репрессиялык  доорунун “саясый курмандыктарына” адилет баа берилип, күнөөсү жоктор акталат окшойт. Жакында Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдай катары көрсөтүлгөн учурларды карай баштады. Башкы прокурор Ө.Жамшитов да Ө.Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча арызды кароо боюнча тапшырма берилгенин жана мыйзамдын негизинде караларын билдирген эле. "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү лидеринин  "Мегаком" чырына байланыштуу айыпка жыгып, "миллион доллар пара алган" деп көрсөтмө берген чет өлкөлүк жарандар Модин менен Маевскийдин көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тастыктаган документтер бар экенин билдиришүүдө. Айтор саясый аренада кайрадан реванш алган “ата-мекенчилердин” лидерин боштондукка чыгарып алуу аракети акырындап ишке ашууда. Эгер алардын бул үмүтү аткарылса, анын ордуна ким барар экен?...

 

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити