Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынганын УКМКдан кабарлашты. 

 

Эске салсак, Кулматов кытайлык ТВЕА компаниясынан Бишкектеги мектептердин курулушуна которулган 2 миллион долларды максатсыз, өз кызыкчылыгына ылайыктап колдонгону үчүн айыпталууда. Буга байланыштуу кылмыш иши ачылып, УКМКга сурак берген. Ошондой эле, Кулматовго  Кыргызстандын аймагынан чыгуусуна тыюу салынган. 

 

Кулматов бир нече жыл бою жалаң жогорку даражадагы мамлекеттик кызматтарды аркалап келген. Ал  Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, Улуттук банктын төрагасы, Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген.