2018-жылдын 24-май күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек тилкесинде кар калың жаагандыгына байланыштуу бир чабандын кыркылган 200 койу өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда да кар калың жаагандыгына байланыштуу Сары-Камыш айылынын Эки-Чат кыштоосунда 5 чабандын баардыгы болуп 112 койу жана 1 уйу өлгөн.
Куткаруучулар жерине барып, кардын астынан өлгөн малдарды чыгарып, сарайларды кардан тазалашкан.