Депутаттар Жанар Акаев менен Рыскелди Момбеков Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбековго каршы чыгышууда.
Рыскелди Момбековдун айтымында, Оңолбеков бийликтин "капчыгынын" милдетин аткарууда.
"Оңолбековду бажыны оңош үчүн алып келдиңерби, же тонош үчүнбү? Бийликке кимдер келбесин, "капчыктары" да пайда болот. Капчыктардын баары Бажы кызматында отурушат", - деди Момбеков.
Ал эми Жанар Акаев Оңолбеков бажы тармагында көп жылдан бери иштеп, тажрыйбасы мол болуп калган кызматкерлерди чекесинен иштен кетиргенин кетирип, кызмат даражасын төмөндөткөндөрдү төмөндөтүп жатканын белгиледи.
"Бажыда өзүм билемдик болуп, башамаландык орноду. Оштон ишкерлер, айдоочулар мурдагыдай система кайра башталганын айтып кайрылып жатышат. Транзиттик жүктөргө акча алуу кайра башталыптыр. Ар бир фурага 2 миң доллардан алып жатышканын, кимдер бергенин айтып бере алам", - деди Акаев.