Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында 2018-жылдын 23-май күнү саат 19:50 чамасында ылдамдыгы секундасына 22-27 метрге жеткен катуу шамал катталып, шамалдын кесепетинен Жаңы-Талаа айылында 15 үйдүн 72 даана шиферин, 13 сарайдын 221 даана шиферин учурган.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Андан сырткары 5 жаштагы кызды талдын шагы басып, райондук ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы.
КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.