Ч.Айтматовдун “Жамийла” повестинде Жамийланын тирлик кылуунун жана ойлоонун кылымдап калыпка түшкөн бүтүндөй бир алкагын жарып чыгып, рухий-инсандык өз алдынчалыктын, индивидуалдуу махабаттын жолуна түшүшүн Күркүрөөдөгү алиги залкар патриархалдык кайнененин, Осмондун, абысын-ажындардын, ошол эле Садыктын көзү менен карап түшүндүрүү мүмкүн эмес. Жамийла менен Даниярга баа берүү маселеси башкачараак, бийигирээк көз караштык координаттарды талап кылат.
Карап көрөлүчү, эсеп береличи; деги биз кыргыздар XX кылымдын цивилизациясына кечээ кандай түзүлүштөн, кандай коомдук-тарыхый тепкичтен чыгып келдик эле? Адегенде бир мисалды көз алдыга тарталы.
1922-жылы Жусубалы аттуу манап жигиттери менен кыргыздын бир айылында мейманчылап жүрүп, бирөөнүн үйүнөн Зуура аттуу бойго жеткен кызды көрүп калат да, “бул кыз менин уулума ылайык экен”- деп, бийкечти ошол эле жерден атка зордоп учкаштырып, айылына алып кетип калат. Үйүнө алып барып ошол замат Жаке деген баласына нике кыйдырат. Бирок манаптын үмүтүн таш каптырып, Зуура (революционер Табалды Жукеевдин келечектеги зайыбы) ошол күнү түн жамынып качып кетет. Мына ошол окуядан кийин жолу болбой калган күйөөнүн Нарын кантондук прокуроруна жазган арызына көңүл буралы:
“Арыз
Берермин ушул арызды, неге десеңиздер, Зуура Мамбеталы кызы, Алла Тааланын амирине жараша, маңдайына жазган жазуусуна ылайык, шарият жүзүндө мага ургаачы болмогой эле... Никени Борукчу молдо кыйган... Так ошол түнү менин койнума жатпастан, бир бузуку кишинин тилине кирип, жашабаган кызыталак шерменде ургаачы биздин наамды булгап, качып кете бериптир. Мен ошол бетпактын артынан жетип кармадым. Так ошол маалда жолдон чек арачылар жолугуп, качкан катынды бошотуп, менин атамды жана кадырлуу Чортек мырзаны үч күн Ат-Башынын эски мончосуна камап, маскара кылды. Эй, бурадар сот, менин дөөлөттүү ата-тегими кайдагы бир сүйрөткү, теги карапайым карабет кордоп жатканына намыстанам. Алла-Тааламдын амирине жараша ушу арызды сизге аманат тапшырып, ошону менен катар качкан өзү шуркуя жана ача туяк катынды менин алдыма түшүрүп, тиземди кучактатууну сизден көптөн көп өтүнөм.
Арыз ээси Жаке Жусубалы уулу.
30-бугу айы, 1922-жылы”.
(Бул арыз К.Бектенов жана З.Жукееванын “Аман бол” аттуу китебинен алынды).
Кыргыз коомунда бир чоң тарыхый өксүк бар. Ал тарыхый өксүк Жусубалы манаптын жасаган жосунунан жана анын уулу Жакенин прокурорго жазган ушул арызынан да даана көрүнүп турат. ϴксүк мына момунда.
Кыргыздын көчмөндүк-уруулук, патриархалдык-жарым феодалдык жамааты «жеке личность», «жеке турмуш» (личная жизнь), «жеке укук», «адамдын өзүнө өзү таандык болууга, өз тагдырын өзү чечүүгө акылуулугу», «жеке эрк», «өздүк тандоо» (собственный выбор), «индивидуалдуу эркиндик», «инсан суверенитети» деген сыяктуу категориялар менен ой жүгүртүү деңгээлине анча көтөрүлбөгөн. Анткени тарыхый өнүгүү деңгээлинин өзү ушундай. Европалык коомго мүнөздүү мындай либералдык, укуктук түшүнүктөр, индивидуалисттик маданият патриархалдык жамаатка көп жагынан чоочун. Улуу сынчы Белинскийдин төмөнкү сөзү дал ушул биздин менталитетке карата айтылгандай: “Илгерки доорлордо коом, мамлекет, эл, коллектив жашаган, бирок жеке индивидуалдуу личность катары инсан жашаган эмес”. Мына ошондуктан жогорудагы Жусубалы Зуураны буюм сыяктуу эле көрүп, көргөн эле жерден атына учкаштырып алып кетип жатат. Ал эми Жусубалынын уулу Жаке кара башыл кишини атасы менчигине сатып берген буюмдай эле санап отурат. Зууранын өз эрки менен жекече кадамын жасоого акылуу экендиги тууралуу ой Жакенин түшүнө да кирбейт. Тескерисинче, анын ою боюнча Зуура өзүнүн жеке адамдык эркин көрсөткөндүгү үчүн чектен чыккан шуркуя катары катуу жазаланууга тийиш.
Патриархалдык массалык кыргыз адамынын жүрүм-туруму, ой жүгүртүүсү үчүн “ушундай болууга тийиш”, “ушундай болушу керек”, “эреже-ырасмы ушундай” деген сыяктуу күн мурун орнотулган, сызылып-чийилип коюлган нормалардын талабынан чыгуу мүнөздүү болуп келген. (Чөйрөдөн өйдө көтөрүлүп чыккан акылмандардын жөнү башка. Бул жерде катардагы массалык адамдын аң-сезиминин тиби жөнүндө болуп жатат). Массалык кыргыздын жүрүм-туруму көбүнчө тышкы факторго - чөйрөнүн авторитардык көнүмүш стандарттарына баш ийет жана ага ориентир жасайт. Жүрүм-турумдун, ойлоонун мындай ыгы жалаң эле кыргыздар үчүн эмес, ошол кыргыздардыкындай коомдук-тарыхый тепкичте турган дүйнөлүк бардык калктар үчүн мүнөздүү көрүнүш. Мына ошентип, кыргыз коомунда жеке инсан, жеке тагдыр жеке индивидуум деген нерсе жамааттын, уруунун, коллективдин ичине жутулуп, анын далдаасында калат жана жалпы жамаатка бирдей бычылып тигилген стандарттуу тонду кийип турат. Ошол стандарттуу тонду өйдөдөгу Жусубалы менен Жаке жана береги Күркүрөө айылындагылар, жанагы Осмондор, Жамийланын набаттуу кайненеси, абысын-ажындар, жадагалса ошо чөйрөнүн кулуну жоокер Садык да кийип турушат.
Коомдун өнүгүшүнүн жүрүшүндө ушундай бир мезгил келет, бир убактарда ички жана тышкы стимулдоочу факторлордун түрткүсү аркасында адамдын чөйрө, жамаат менен илгертен келаткан патриархалдык гармониясы бузулат, өзүнүн жүрүм-турумун тыштан регламентациялап турган авторитардык нормалар менен ынтымагы ыдырайт. Башынан келаткан гармониянын, идиллиянын бузулушу инсандын өзүн өзү аңдап түшүнүүсү (самосознание) ойгонуп, личносттук МЕНи жаралып, өзүнүн жеке мүдөөлөрүн жана таламдарын аңдап туйган кезде, социалдык -группалык жалпылыктын тулкусуна туташып турган киндигин үзүп, социалдык уюмдун бир элементи, “винтиги”, тышкы норманын элпек функциясы болуудан калып, сырткы авторитардык эрежелердин өкүм диктатынан эмансипацияланып, өз алдынча автономдуу тиричиликке, көз карандысыз эркин жүрүм-турумга умтулган убакта пайда болот, келип чыгат.
Мындай кубулуш кеңири планда алып караганда, коомдук өнүгүүнүн жүрүшүндө жаңы революциялык бурулуштун, руханий ренессанстын, аң сезимдин жаңы тарыхый тилкесинин башталышы болуп эсептелет. Өзүнүн индивидуалдуу МЕНин таанып, аны асыл-нарк, дөөлөт катары эсептеп, кишинин өзүнө өзү бурулуп отурушу, эркти жогортон ныгыра басып, үстүнөн бийлик кылып турган күчтөргө (надличностная сила) жана императивдерге каяша кылып, моюн толгоп өз жолу менен басышы консервативдүү чөйрөнүн көшөрген каршылыгын жаратат жана жамаат тыюудан чыгып “адашкан” ээнбашты татыктуу жазалоого умтулат. Ойгонгон личность өз чындыгынан баш тартпай, чечкиндүүлүк менен бороонго көкүрөгүн тосот. Ортодо катаал драмалык кагылышуу келип чыгат.
Кеңири караганда, Данияр менен Жамийла дал ошондой кыргыз коомунун патриархалдык-уруулук бүтүндүктөн өз алдынча личностко карай өтүп жаткан дооруна күбө өтүп келген каармандар. Данияр менен Жамийладагы индивидуалдуу аң сезим, индивидуалдуу махабат – бул өйдө жактагы жеке эрк, жеке личность дегенди тааныбаган патриархалдык Жусубалы менен Жакенин (булардын ысымы символика катары алынып жатат) тарыхый уйкудан ойгонушу. Жамийла менен Данияр XX кылымда инсандын ички жана тышкы кишендерден бошонуу процессин баштаган Октябрь революциясынын доорундагы кыргыз ренессансынын нагыз геройлору болуп эсептелет. Терең ойлонсок, алардын жеке ишенимге негизделген багынычсыз, көз карандысыз инсандык суверендүү чечкиндүү кадамдары - бул жекеликти далдаалаган жалпылыкка, монолиттүү коллективдүүлүккө негизделген көчмөндүк-уруулук алкактан чыккан бүткүл дүйнөлүк мааниси бар тарыхый окуя болуп саналат. Тарыхый жактан караганда Жамийла менен Даниярдын образдарынын мааниси биздин оюбузча дал ушунда. Кеп бул жерде Жамийланын Садыкты таштап кеткендигинде - сырткы фактыда деле эмес. Маселенин мааниси тереңде. Кеп бул жерде, Жамийланын адамдын жеке ыктыярын жана индивидуалдуулугун асылнарк катары санабаган эски жээкти таштап кетип жаткандыгында.
20-жылдардагы “Кайгылуу Какей” жана “Карачач” драмаларын же болбосо 30-жылдардагы “Алтын кыз” пьесасын эске түшүрөлүбү. Ошол чыгармаларда Чойбек, Болуш, Токтор аттуу байлар Какейдин, Карачачтын, Чынардын тагдырларын өздөрү билип эле сыртынан чечишип, аларды токолдукка, аялдыкка буюм сыяктуу “АЛАМ” деп бүтүм чыгарышат эмеспи. Ал эми Какейдин атасы Малдыбай Чойбек байга кызымды “БЕРЕМ” дейт. Бул жерде алар кыздардын жекече макулдугун сурашпайт. Кыздын ыктыяры, жекече пикири, жеке эрки алар үчүн мааниге ээ эмес. Алардын жогорудагы макулдугун сурабай эле Зуураны учкаштырып алып жөнөгөн Жусубалы сыяктуу аялдын “личносту”, “ургаачынын укугу” деген чоң цивилизациялуу түшүнүк менен көп иштери жок. Чойбек, Токтор, Болуш, Малдыбай, Жусубаалылар көпчүлүк эмнени жасаса, ошону жасаган, салт, үрп-адат (обычай) эмнени иште десе, автоматтык түрдө ошону иштеген массалык патриархалдык типтер. Ал эми Данияр болсо ички рухий, аң сезим өнүгүшү жагынан жогорудагы эркектерден алда кайда озуп кеткен адам. Ал айылдагы демейки патриархалдык эркектердин бири эмес.
Ал кичинекей кезинде эле бир тууган айылынан кетип, жетимчиликтин азабын эрте тартып, көп жерлерде болуп, көп кесипте иштеп, казак талааларында кой кайтарып, кайнаган чөлдө канал казып, жаңы пахта совхоздорунда, шахталарда иштеп, фронтто болуп, улуу салгылышка катышып, жарадар да болуп, далайды баштан өткөргөн, дүйнө таанымы кеңейген, ой жүгүртүүсү тереңдеген, психологиясы татаалданып, жаңы түшүнүктөр, жаңы көз караштар, идеялар менен байыган, ич жактан маданиятташкан, жанжара-тылышы кылдаттанып цивилизациялашкан инсан. Данияр патриархалдык адамдай турмушка күн мурун орнотулган тартиптердин “көз айнеги” менен эмес, дүйнөгө өзүнүн көзү менен караган, өзүнүн ички ишенимине ылайык жүрүп-турган личность. Ал айылдыктардын “жигит”, “азамат”, “эр” жөнүндөгү илгертен калыптанган демейки стандартына туура келбейт. Күркүрөөлүктөрдүн “жигит” жөнүндөгү стандартына тескерисинче Садык көбүрөөк туура келет. Ошон үчүн айылдыктар Даниярга өйдөсүнө карашып: “Байкуш неме”, “Бечара карып”, “Кудайдын боз кою”, “Сен да эл катары болорсуң” дешип, боор оруп карап жатышпайбы.
Тескерисинче, ошол “боз койдун”, “бечера карыптын” чыныгы жигит экендигин, ичинен чыныгы рухий баатыр экендигин, айкөл экендигин бизге атактуу август түндөрүндөгү кереметтүү обон күбөлөп бербедиби.
Даниярдыи Жамийлага жасаган мамилеси айылдагы патриархалдык жигиттердин демейки мамилесине альтернатива сыяктуу. Данияр Жамийлага тентектик кылып тйишпейт, өз эркин таңуулабайт, сүйүп турса да, колун сурап өтүнбөйт, сунуштары менен тажатпайт. Жамийла шылдыңдап, кээде оор кырдаалга кабылтып жатса да (кап көтөрүү окуясы) унчукпайт, жарышып жаакташпайт, урушпайт. Жамийланы ал өз жайына, өз ыктыярына коет. Даниярда ички маданият кыйла күчтүү өнүккөн. Ал үчүн сүйүү мамилелеринде өзүнүн чечими эмес, өйдөкү Чойбек менен Жусубалыныкындай өзүнүн бүтүмү эмес, баарынан мурда Жамийланын өзүнүн чечими, аялдын жүрөгүнүн ички буйругу маанилүү. Даниярда бөлөк бирөөнүн личностун урматтоо, инсандык МЕНи менен эсептешүү маданияты калыптанган. Бирөөнүн МЕНинин “территориясына” суроо-сопкутсуз кирип баруу анын адебине жат.
Элеттеги стандарттуу жигиттерден айырмаланган жыртык шинелчен солдаттын стандарттуу эмес экендигин, айланадагылар туйбаган нерселерди туйган, “Кароол дөбөдөн” туруп башкалардын кулагы укпаган, бөлөктөрдүн кулагына жетпеген кереметтүу доошторду уга билген миң кырлуу, миң сырдуу Даниярдын айкөл жан дүйнөсүн Күркүрөөдө жалынга окшоп жалбырттан күйгөн Жамийла гана тааный алды. Акыры Жамийла: “Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес, сыртыңдан билгендей бала болуп эс тарткандан бери сүйөм... Бүркүтүм! О, шаңшыган бүркүтүм!”- деп өзү агынан жарылып ачылып келди. Жамийла ашык жар, аялдын теңи жөнүндөгү ичинен тымызын эңсеп келген идеалын Даниярдан тапты. Данияр да өзүнүн издеген махабат идеалын Жамийланын жалбырттан күйгөн жан дүйнөсүнөн көрдү: “Мен дагы сени алда качан сүйгөм, өмүрүмдө көрбөсөм да, окопто жатып сени ойлогом!..”. Данияр чыныгы таалайлуу сүйүүгө татыктуу, натурасы терең Жамийладай периштенин Садык менен бактылуу боло албастыгын астыртан туйган. Ошол бийиктикти жана тереңдикти эңсеген периштенин өзүнө “Бүркүтүм!” деп махабатын арнап келгенде, эгерде Данияр кетенчиктеп баш тарта турган болсо, анда ал өзүнө да, Жамийланын бактысына да чыккынчылык кылмак. Эгерде Данияр “адеп сактап” Жамийланы кайра Садык жакка түртсө, анда дал ошондо Жамийланын бактысына балта чапмак.
Эмне үчүн Жамийла Садык менен бактылуу боло алмак эмес? Эми ушу кепке келели. Анткени жаш кесиптеш, сиз Данияр орто жолдон чыкпаганда, балким Жамийла Садыкты сүйүп, Даниярга арнаган жогорудагы бийик сөздөрүн Садыкка арнамак беле, “Кыялкечтигинен тагдырдын таштак жолунда алданып калды”,- деп жазып жатпайсызбы.
Жамийла Данияр менен кеткенден кийин уу-дуу болуп ушак айткан аялдардын бирөө: “Тообо, Садыктан артык эрди ал кайдан тапмак эле?”- деп жини кайнайт. Чынында эле, жогоруда айтылгандай, Күкүрөөдөгү элеттик патриархалдык аялдардын “жигит”, “эр” жөнүндөгү стандартына Садык туура келет. Ал ырасында эле, “артык” жигиттердин бири. Артыктыгы ушу, ал айылдагы бардык патриархалдык нормаларды сактайт. Салт-санаалардын нугунан чыкпай, көпчүлүк эмнени жасаса ошону жасайт, эл эмнени кылса ошону кылат. Ал башка жигиттердей эле “намыскөй”. Жайлоодогу малчылардын тоюнда кыз куумайга түшүп, Жамийлага жетпей калып, ошондон кийин арданып, аны алагачып аялдыкка алып, өзүнүн жана Олжобай уруусунун “намысын” колдон кетирген эмес. Элеттиктердин түшүнүгү боюнча жылкычынын жылкыдай ыргыштаган кызын бөктөрүп келип, жоолук салып коюш азамат жигиттин колунан келе турган иш. Башка эркектердей эле “алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык”,- деп эсептейт. “Катын деген толуп жатат, чекесинен чертмей”- дейт. Жакшылап байкасак Садык көп жагынан жогорудагы Жусубалы, Болуш, Токтор, Чойбектердин уландысы сыяктуу. “Карачач” драмасындагы Болуш Карачачты күчтөп ала качтырып алган сыяктуу Садык да Жамийланы бөктөрүп келип, “таш түшкөн жеринде оор” кылып койду. Данияр үчүн аялдын жеке МЕНи асыл-нарк бопсо, Садык үчүн ал анча деле мааниге ээ эмес. Ургаачы ал үчүн субъект эмес, объект, чекесинен чертип ала бер. Кыскасы, Садыкта өз алдынча личносттук, индивидуалдык башталма начар өнүккөн. Анын жүрүм-туруму нормативдүү, ал көбүнчө чөйрөнүн адат-көнүмүштөрү жана өнөкөттөрү, стерео типтүү түшүнүктөрү менен регуляцияланып турат. Садык негизинен өзүнүн оригиналдуулугу жок стандарттуу массалык типтердин бири. Ал алкактын ичиндеги адам. Садык өзүнө өзү сын көз менен кароо, өзү менен өзү диалогко өтүү, өзүн өзү айыптоо, өзүн өзү соттоо (самосуд) дегенди билбейт. Ал фронттон келгенден кийин: “Жамийла эмне үчүн менден кетип калды? Бул үчүн балким мен өзүм айыптуудурмун?”- деген өңдүү суроолорду коюп ой жүгүртпөйт. Анализ, рефлексия ага жат. Ал рухий драма, ички карама-каршылык дегенди билбейт. Ал өзү менен өзү гармонияда жана чөйрөнүн тышкы авторитардык талаптары менен ынтымакта турган “бактылуу” адам.
Демек, Садык менен Даниярдын ортосунда ички маданий деңгээл, аң сезим, интеллект жагынан аябагандай эле чоң айырма жатат. Жамийла жолунан Даниярдай адам кезикпеген соң, пешенесине туш болгон айылдын “артык” жигитине канимет деп, “таш түшкөн жеринде оор” болуп, аргасыз отуруп калган. Жамийланын кырманда Осмон менен кагылышкандан кийинки сезүн эске түшүрүп көрөлүбү: “Осмонго окшогондор адамдын черин жазмак кайда... Ал жүрөктүн түпкүрүндө жатат да. Кудай билет, андай эркектер дүйнөдө жок да чыгар?..”. Эгер Жамийла Садыкты сүйгөн болсо, Садык жүрөгүнүн түпкүрүндө болсо жалгызсырап турган кыйын учурда Садыгым жанымда болсочу деп жок дегенде эстейт эле го. Тескерисинче “андай эркектер дүйнөдө жок да чыгар” деп өкүнүч кылып турбайбы. Демек, Садык Жамийланын эсебинде жок. Садык Жамийла үчүн жан дүйнөнүн черин жаза турган жүрөк түпкүрүндөгү эркектерден эмес.
Мына ошентип, Жамийла Садык менен тереңинде буга чейин өзүн эч убакта бактылуу сезген эмес жана анын ич жактан жетилбеген, чектелген, өз алдынчалыгы жок кууш дүйнөсүн байкап-туюп, тымызын бушайманданып, арманда жүргөн. Садык фронттон келген күндө да аялдын личностун асылнарк катары эсептөөгө тарбияланбаган стандарттуу авторитардык күйөө менен Жамийла бактылуу боло алмак эмес. Ал жарты сүйүү, жарты бакыт, жарты чындык менен жашай турган ургаачы эмес. Ал жүрөккө мелт-калт толгон чыныгы махабатка, толуп-ташкан бак-таалайга, руханий рахатка чаңкап турган натурасы, духу, эмоциясы күчтүү, акыл-эси жалындаган, повестте жазгандай “мүнөзү башкачараак” аял эле.
Дагы бир жолу айталы, Жамийла “бала болуп эс тарткандан бери” тымызын эңсеп келген көздөн учкан көк жээгин Даниярдын деңиздей чалкыган рухий-нравалык дүйнөсүнөн, анын пенденин МЕНин урматтаган духовный цивилизациясынан тапты. Жамийла Садыктын чектелген дүйнөсүн таштап, Даниярдын рухий мейкинине кетти. Албетте, акыркы чечимди кабыл алуу тоо арасында ата-бабалардын тартиптери орногон патриархалдык айылда жашаган күйөөлүү Жамийлага абдан кыйын болду. Бирок бу жарык дүйнөгө бир келген жалгыз башынын кайталангыстыгын тереңинде аңдап-туйган Жамийла өзүнүн бактысын табууга, өз жүрөгүнүн унун угууга (“Сердце девы – нет закона” - А.С.Пушкин), өз тагдырын өзү чечүүгө, өз ички ишенимине, өз махабатына ылайык кадам таштоого акылуу экенин түшүнүп, К.Асаналиев таамай жазгандай “чоң үйдөгү” эреже боюнча өткөн турмуш” менен чечкиндүү түрдө кош айтышты. Жамийланын күчтүү духу жана жалындаган натурасы инсандын индивидуалдуу МЕНин чектеген патриархалдык тосмолорду жарып чыкты. Мындай личносттук кадамы аркылуу Жамийла менен Данияр сиз иштеген мектепте жамааттын нормативдүү системасынын алкагынын тышында калышты. Мындай учурда, албетте, стереотипке көнгөн массалык аң сезимдин көнүмүштү бузган “тентектерди” таш бараңга алары илгертен бештен белгилүү; 1940-жыл Күркүрөө айылында башталган “таш бараң” элет чөлкөмдөрүндө бүгүнкү күнгө чейин кез-кези менен уланууда.
Жамийла менен Данияр жамааттын көнүмүш нормативдүү системасын бузганы менен коомго жаңы сапатты - тышкы авторитардык нормаларга эмес, индивидуалдуу ички ишенимге негизделген жаңы жүрүм-турумдун өрнөгүн алып келишти. Жамийла менен Данияр аркылуу кыргыз коому өнүгүүнүн личносттук-индивидуалдык деңгээлине карай жол алды. Бир сөз менен айтканда, Данияр жана Жамийла кыргыз жамааты патриархалдык коллективизмден личносттук автономияга карай бут койгон кездеги ренессанс каармандары.
Жамийла менен Даниярдын улуу махабатына жана рух эрдигине повестте табиятынан сергек жаралган художник Сейиттин көзү, сөзү менен эң туура баа берилген: “Мейли, мен биздин үй-бүлө, биздин уруу учүн “бузуку” болоюн, бирок адамдык чоң чындыкка мен кыянаттык кылган жокмун, турмуштун чоң чындыгына мен акырына чейин адилеттүү болгом, коркпо Жамийла узак жолдон, сенин жолуң - таалай жолу, андан күмөн санаба!”.
Советбек Байгазиев,
сынчы, филология илимдеринин доктору
Булак: “Майдан. Kg” гезити