Бүгүн, 25-майда "Акыркы коңгуроо" салтанаты  убагында  милиция  кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, өлкө боюнча коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылууга   4 миңден ашуун тартип сакчылары күчөтүлгөн режимде иштешет.

 

Салтанаттуу иш-чараны көзөмөлдөө жана коомдук жайларга бүтүрүүчүлөрдүн массалык кирүүсүн текшерип, мониторинг жүргүзүү үчүн штабдар түзүлөт.

 

Ошондой эле "Акыркы коңгуроо" салтанатын  өткөрүүдө окуучулардын жүргөн жерин байкаштыруу, сейил бактарында, эс алуу жайларында жана өзгөчө кечки убакта алардын унаа башкаруусуна жол бербөө жана көзөмөлгө алуу үчүн милиция кызматкерлеринин  ар бири өздөрүнө бөлүнгөн аймактардагы коопсуздукту жеке жоопкерчилигине алышат.