Чет өлкөдөн  мыйзамсыз жүк ташып келген унааларга салынуучу айыптардын өлчөмү жогорулатылат. Буга байланыштуу Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

 

Өзгөртүүлөр боюнча, кыргызстандыктар  чет өлкөлөрдө жүк ташууда мыйзам бузса, ири суммадагы айыпка жыгылышат. Ал эми жергебизде жүргөн чет өлкөлүк жүк ташуучулар үчүн салынып келген айып өлчөмү болоор-болбос гана каражатты түзөт. Бул теңсиздикти жоюу  үчүн мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилмекчи. Буга чейин айып өлчөмү 10 миң сомго чейин болсо, эми аны 50 миң сомго чейин көбөйтүү жагы каралууда.

 

Бул тууралуу КР транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди.

 

Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.