Грозный шаардык думасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы кызматына Ибрагим Закриев шайланды. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 27 депутаттын 23ү колдоду.

Армениянын мурунку президенти Роберт Кочарян сегиз адамдын өлүмүнө алып келген 2008-жылдагы каршылык акциясын күч менен басууга айыпталууда.

Чүй облусундагы №37 жана № 48, ошондой эле Бишкектеги №35 жатак абактары жоюлат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-июлда кол койгон.

Түркмөнстанда студенттерге денеге чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынды. Мындан ары алар узун көйнөк жана саймалуу улуттук шым кийип жүрүшү керек.

Бишкек, "Саясат. kg". Каракол шаарында бир катар уюлдук телефондорду уурдоо фактысынын бети ачылды.

Бишкек, "Саясат. kg".  Мамлекет башчысы балдардын үй-бүлөдө чоңоюу укугун камсыз кылуунун маанилүү экенин, анткени татыктуу адамды жана жаранды бала ата-энесинин жана жакындарынын камкордугуна, мээримине бөлөнгөн үй-бүлөдө гана тарбиялоо мүмкүн экенин баса белгиледи.

Эй, Ош шаарынын бийлиги!

Мигрант мектеби ишке киришти

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фондун 26 миллион 615 миң сом өлчөмүндө бекитти.

 

Бишкек, "Саясат. kg".  Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат.

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстандан ажылык сапарына аттанган болочок ажылар Сауд Арабиянын Медина шаарындагы 5 жылдыздуу "Жавахир Ас Сакифа» жана «Мавадда Ан Нур» мейманканаларына   жайгашышып, өздөрүнүн алгачкы зыяраттарын башташты.

Бишкек, "Саясат. kg". Жай мезгилиндеги аптаптуу ысыкта калк арасында тамак-ашка уулануу жана ичеги-карын ооруларына чалдыгуу күчөй баштайт. Өзгөчө бул көрүнүш 14 жашка чейинки жаш балдар арасында көп катталат.

Ташкентте Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин администрациясына милиция жана прокуратура кызматкерлеринин ишине нааразы болуп келген аядардын тобу кармалды.

Кытайдын полициясы Бээжиндеги АКШ элчилигинин жанында бир эркек киши колго жасалган чакан бомбаны жардырып жибергенин ырастады. Шектүү 26 жашта экени кабарланды. Азырынча анын бул кадамга эмне үчүн барганы так айтыла элек.

Баткенде бир нече айдан бери маянасын ала албай жаткан жол куруучуларга айлык акы 30-июлда төлөнө баштайт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аида Салянова Адилет министри, андан кийин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, андан соң Жогорку Кеңештин депутаты болду. Башкы прокурор кезинде агездеги президент Алмазбек Атамбаев “Аида Салянова өлкө президенти болууга татыктуу”- деп айтканы бар.

" Аларга “бутунда так бар экен”, десем “силер бир жерге уруп алгансыңар” дейт. Анан чыдабай кетип Уланды көтөрүп келген төшөктү сырттан көтөрүп келдим". 

Р. Жээнбеков: Президенттин билгенин билем, билбегенин билбейт экем, кат менен жооп берели, чече албаган маселелерин, мен чече албайм бул маселени дегени реалдуулука жакын экенин көргөздү.