Жай мезгилиндеги аптаптуу ысыкта калк арасында тамак-ашка уулануу жана ичеги-карын ооруларына чалдыгуу күчөй баштайт. Өзгөчө бул көрүнүш 14 жашка чейинки жаш балдар арасында көп катталат.

 

Аталган ооруларды алдын-алуу үчүн  Саламаттык сактоо министрлигинин тийиштүү департаменти төмөнкү эрежелерди сунуштайт:

 

  1. Өздүк гигиенаны туура сактоо,тез-тезден колду жууп туруу зарыл
  2. Дааратканага баргандан кийин жана тамак ичээр алдында сөзсүз колду тазалап жуу керек
  3. Жаш балдарды  үйгө эшиктен киргенден кийин, айбанаттар менен ойногондон кийин сөзсүз колдорун таза жууганга үйрөтүп, көндүрүңүздөр.
  4. Өзгөчө этти, тоок этин жакшы  жылытканга аракет кылыңыздар.  Ашканаңыздарды таза кармаңыздар. Даяр жана чийки азыктарды өз-өзүнчө сактаңыздар. Даяр тамак-ашты эки сааттан ашык калтырбастан, муздаткычка салыңыздар. Алдын-ала тамак жасап койбоңуздар.
  5. Мөмө жана жер-жемиштерди колдонуудан мурун таза жууп жеңиздер.
  6. Көчөдө колго жасалган азыктарды сатып албаңыздар.
  7. Жай мезгилинде таза сууну көп ичиңиздер. Үйүңүздөн таза суу чыкпаса, атайын бойлерден же  кайнатылган сууну ичиңиздер. Мөмө жана жер-жемиштерди, идиш-аякты жууганга кайнатылган сууну колдонуңуздар.
  8. Дүкөндөн же базардан азыктарды алып жатканда, сапатына, сактоо мөөнөтүнө, шартына көңүл буруңуздар.
  9. Үйдөгү курт-кумурска, чымын жана башка инфекция алып жүрүүчү чымын-чиркейлерден коргонуңуздар.

 

 Эгерде  тамак-ашка ууланып калсаңыз, үй шартында дарыланбастан, адистерге кайрылыңыздар.