Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Өкмөттөр аралыкКеңешинин 2018-жылдын 27-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына катышат.

 

Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат.

 

Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик  өнүктүрүү,  энергетика  жана  транспорт тармактарында,  транзиттик товар,  бажы  кызматташтыгы  темаларын,  ошондой  эле ЕАЭБ ченемдик-укуктукбазасын жакшыртуу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

 

Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн:  Армения  Республикасынын,  Беларусь Республикасынын,  Казакстан  Республикасынын,  Кыргыз  Республикасынын жана Россия ФедерациясынынӨкмөт башчыларынын катышуусунда өтөт.