Каракол шаарында бир катар уюлдук телефондорду уурдоо фактысынын бети ачылды.

 

Бул тууралуу Ымык-Көл ОИИБинен билдиришти. 


Кылмыш ишин тергеп жатышкан тергөөчүлөрдүн айтымында, Каракол ШИИБне шаардын «Ак-Тилек» базарынын ичинде жана жакын жеринде жайкашкан соода түйүндөрүндө иштешкен 3 ишкерлер арыздар менен кайрылышкан. Арыздарында көрсөтүшкөндөй, үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда белгисиз адамдар тарабынан соода кылган жеринен бир аз убакытка алагды болгон учурда «Самсунг-Гелакси» үлгүсүндөгү 3 данаа уюлдук телефондорун уурдатып жиберишкен. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иштери козголгон.


Жакында, «Укук тартип» иш-чарасын өткөрүү мезгилинде милиция кызматкерлери тарабынан уюлдук телефондорду уурдагандыгы үчүн шектелип, Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 21-жаштагы тургуну Ш. Рыскүл кармалды. Алгачкы суракта, кармалган кыз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, уюлдук телефондорду кандайча уурдагандыгы жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүдө.


Козголгон кылмыш иштеринин негизинде тергөө амалдары уланууда жана шектүү адамдын ушундай эле башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.