Өлүмдү “кайдан келдиң” – деп жан сабаган менен пайда жок экен. Мына, ал он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, таланты ташкындап турган аппапакай периштени кучагына тартып алды... Баскан кадамдарынан, жасаган ишинен анын жүрөгү таза экенин бүт журт билип, сыймыктанып турар эле. Эч ким даап айта албаган чындыкты ушул бала алып чыгып, далай жемкордун анык жүзүн даназалаганы анык. Ошондо ичинен бул баланы жек көрүп, өлүмүн тилеген коррупционерлер тилегиңерге жеттиңерби? Эми тынч уктай берсеңер болот, Улан арабызда жок!
Жаш болсо да (28де болчу) Уланбек Эгизбаев журналисттик иликтөө салтын кайрадан коомубузга алып келе алды. Коррупция гана эмес, башка социалдык көйгөйлөр боюнча да жасаган иликтөөлөрү ар дайым курч болуп, кызуу талкууга алынчу. Бул жагынан ал өчүп бараткан журналистикалык жанрларды тирилтип, бирок, өзү “чөгүп” кетти.
Кыска өмүр жашаса да, аны татыктуу жашап, из калтырып кетти. Бүгүн анын талантын, эмгегин баалаган көпчүлүк анын көтөргөн маселесине көзү тирүүсүндө кайдыгер эле. Эми көздөрү ачыла түшкөндөй, туш тараптан чыга келишти... Ошол айтып жаткан наам, сый-ургалыңарды Улан бар кезинде көтөрүп чыксаңар майнаптуу болмок, азыр андан не пайда?
Бир туугандары, кош бойлуу келинчегине кайрат айтабыз! Ооба Уланды жоготуп алдык, бирок, анын эмгегин эл унутпайт! Аз күнчөлүк өмүрү баарыбызга өрнөк!
Кош бол, Уланбек! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Жараткан жаннаттан орун берсин! Омийин!
“Майданчылар”
Коррупцияга каршы күрөштө чоң колдоо көрсөттү
Таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүлбөгөн жерден кайтыш болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келе жаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу. Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат. Анын активдүү жарандык позициясы жана бийик кесипкөйлүгү жаш муундар үчүн үлгү болот.
Президент Сооронбай Жээнбеков
Журналисттик иликтөөнү жаңы деңгээлге көтөрдү
Уланбек Эгизбаев күлүктүн күлүгү болчу. Ал журналистикалык иликтөө деген тармактын башатында турду десем да жаңылышпайм. 28 жаштагы журналист гигантттай болуп, бул жанрды абдан чоң деңгээлге жеткирип кетти. Журналисттик иликтөө болмоюн бизде коррупция, акыйкатсыздык деген дайыма гүлдөй берет. Тилекке каршы, биз Уланбектин күчүн, талантын пайдалана албай калдык. Өтө эрте кетип калды...
Роза Отунбаева
Уланбектин каза болушу кыргызстандыктарды кайгыга салды
Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Ал таланттуу, жаркын адам эле. Журналистикалык иликтөөлөрү дайыма коомчулуктун көӊүлүн бурчу. Жаштыгына карабай көпчүлүк кесиптештерине үлгү болчу. Жалпы элге калеминин курчтугу, кайраттуулугу жана эмгекчилдиги менен таанылган. Албетте, Уланбек тууралуу өткөн чакта жазуу өтө оор. Уланбек Эгизбаевдин каза болушу жакындарынын гана жүрөгүн оорутпастан, жалпы кыргызстандыктарды кайгыга салды. Биз Уланбекти түбөлүк эскеребиз. Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын теӊ бөлүшүп, аларга кайрат айтам.
Дастан Жумабеков, ЖК спикери
Чынчыл журналисттердин бири эле
Уланбек Эгизбаев коомдогу коррупциялык көрүнүштөрдү жүзүн аёосуз ашкерлеген, чынчыл, калеми курч сейрек журналисттердин бири болчу. Дал Уланбек сыяктуу журналисттер коомду терс көрүнүштөрдөн тазалаган, жарандык ачык позициясы бар, нукура мекенчил уул деп аталууга акылуу. Эгизбаев “Азаттык” радиосунун үнү да, жүзү да десек ашыкча болбойт. Ал эл ичинде билинбей жүргөн карапайым каармандарды таап чыгып, кеңири журтчулукка атын чыгарган. Уланбектин “Азыркынын Дүйшөнү” аттуу тасмасы Нью-Йорк фествалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалын жеңип келген. Жаштыгына карабай улуттук журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошту.
Мухаммедкалый Абылгазиев, премьер-министр
Өз заманынын лидери болчу
Мен Уланбек менен жакын саясатчы, көп нерсесин кеңешкен адам катарында аны менен сыймыктанам. Эмнегедир ага “ушунчалык бир нерсени бат кылып жатасың, токтонсоң болот эле” дегендей ичимден бир нерсе айткым келген. Бирок айткан жок элем. Тилекке каршы, ошол жасай албай, айта албай кала турган нерселерин бат кылайын, жетишейин деп аракет кылып бараткан экен. Улан жалаң эле журналист эмес, ал Кыргызстандагы көрүнүктүү лидерлердин бири болчу. Ал көрүнүктүү патриот, өз заманынын лидери болчу. Улан жаштарга чоң үлгү болду, жакшы жолду көрсөтүп кетти. Улан аз жашаса да чоң из калтырды. Жалаң эле жаштарга эмес, бардыгыбызга үлгү боло турган жигит, үлгү боло турган лидер болчу.
Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер
Эч нерседен тартынбаган азамат эле
Уланбек менен акыркы жолугушуп, бетме-бет сүйлөшүп отурган мен, менин үй-бүлөм болуш керек. Эки күн мурда жолугушуп, социалдык маселелерди, жокчулукту, андан барып коррупцияны кеп кылдык эле. Ал көп нерсени биле турганын мен ошол жерде күбөсү болдум эле. Ал мага Кыргызстанда кайсы жеринде кандай коррупция бар экенин изилдегенин, изилдөөнүн натыйжасында эмнелерди тапканын айтып берди эле. Өзгөчө бүгүнкү күндө жемкорлуктун символу ким экенин, аны жоготмоюнча Кыргызстанда коррупция жок болбой тургандыгын да ишенимдүү айткан эле. Арабыздан шум ажал алып кетти. Бирок мен бир нерсени жакшы билем. Уланбек өзүнүн жеке кызыкчылыгына келгенде жулунбаган, өтө уяң, тартынчаак жигит болсо, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына келгенде оттон, суудан тартынбаган азамат эле. Дал ошондой мүнөзү бар эле. Буга чейин айтылгандай, адамдарды тирүү кезинде баалай албайт экенбиз. Эгерде бааласак Уланбектин иш-аракетине дем-күч бере турган биз элек, ушундай азаматтарыбыздын көп болушу үчүн кол-кабыш кылып, жардам бере турган биз элек. Тилекке каршы, ал жагынан бизден кемчилик кетти.
Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин депутаты
Уланбек чоң коррупциянын түбүн ачкан
Ал абдан чоң коррупциянын түбүн ачкан. Социалдык тармактарда “мага ачык, бош каттар келди” деп жазып жатпадыбы. Бул мафиянын белгиси болчу да. Ошондуктан журналисттин коопсуздугу Кыргызстанда начар экен деп айтат элем. Журналист өзүнүн оюн, профессионалдык ишин жүргүзгөн учурда да аларды коргоочу куралдар жок экенине күбө болуп жатам. Уланбектин тагдырын изилдеш керек жана чекит койбош керек. Уланбек даректүү тасмалар менен миңдеген балдардын сообуна калган. "Пандустар жок, Кочкордо Нургазынын тагдыры эмне болуп жатат?" деп дүйнөгө жар салган. Экинчиден, өткөн жумада эле аялдардын тагдырын чагылдырган “Башка өмүр” деген Уландын даректүү тасмасы өттү. Жарк этип кеңсеге да келип, бизге да чалып турчу. Ушундай кыргыздын таланттуу, уюткусу, таза адам кеткени өтө өкүнүчтүү. Бирок Уландын артынан миңдеген жаштар анын жолун жолдойт деп ишенем. Биз дагы акылдашабыз, быйыл ноябрда даректүү фильмдер фестивалынын эң ыйык булагы Улан Эгизбаевдин деп баштайбыз. Анткени Улан кыргыз эли үчүн, кечээги, бүгүнкү жана келечек үчүн жар салып кетти.
Төлөкан Исмаилова, укук коргоочу
Эгизбаев чындык үчүн чыркырап күйгөн журналист эле
Оттой жанган, чындык үчүн чыркырап күйгөн, таарынышкандарды жараштырганга далалат кылган, жашоосу сааттай чыкылдап өткөн, жигиттин гүлү Улан мырзанын дүйнө салуусу кабыргамды кайыштырды. Үйлөнөөрүндө келинчеги Сапаргүл экөө келип, мусулман пендеси молдодон угаар акыл-насаат сурап, айткан сөзгө муюп, кулак салганын бир эстесем, досуна күйөө жолдош болуп нике кыйдыртып кеткенин бир эстейм. Агалык кылып кээде урушуп койсом, ашыкча сөз айтпай угуп, “Макул, ажыкем!” дегени көз алдымда дале турат. Менден алган акыркы маегиң “Кабырстан коррупциясы” жөнүндө болгон эле. Маектин акырында сени алып калып, башыңды кармап, дем салып берип, көз тийгенден сактаган дубаны жазып, колуңа карматып, “ушуну дамамат окуп жүр, жамандардын көзүнөн, өзүнөн Кудайым сактасын, улуу жолдосуң, акыйкаттын ташы оор, этият бол”- деп айтып узаткан элем.
Чубак ажы Жалилов, экс-муфтий
Улан бунтарь жүрөк - чындыктын символу...
Баш тамга... акыркы чекит. Өлүм. Өмүр... Бу эки сөздү бири-биринен (Ө) сызык бөлүп турат. Бул сызык чагылган өмүр. Ал өмүр көз ачып жумгуча. Чагылгандын мизиндей бир жанды да, бир өчтү. Улан... Уландын ысмы акыр-чикирди сапырып, кир-когду көккө сапырган Шамалды. Улан шамалын эске салды. Эгизбаевдин дагы бир түгөйү, эгизи - Чындыкты эске салды... Кайран деп айта албай, айтууга дит барбай, арга да жок, амал да жок... Жүрөк ачуу өкүттө. Жаш эле, жалын эле, курч эле найзанын учу, кылычтын мизи эле. Сөздөн өз Чындыгын куруп кетти. Улан, Чындыкты бу жалгандан таппай, Чындыктын түбөлүк ааламына “Ак кемедеги” баладай жүрөгү арамдык менен кыянатчылыкты көтөрө албай , чындыктын мухитине, Улуу Сууга сүзүп кетти... Улан бунтарь жүрөк - Чындыктын символу. Сен, өз көз караш, позиция, мекенчилдигиң менен дүйнөнү өзгөртөм дедиң... *** ...Жалган сөз жалы кайнайт, Жагжайта жыртып салган, Туурунда ушак сөзү, Бастырбай ушап алган, Акыл-эс парастака, Ыйманга, ыйыктыкка, Ал эмес Күн бетине, Батегин жайып салган... ... “Күн бетине батегин жайып салган”... мезгилде аң-сезимге төңкөрүш жасайм деген жаштыгыңды, курчтугуңду жоготуп олтурабыз...
P.S. Жубайым Сагын сени университетте окуткамын деп дайыма сыймыктанар эле, келинчегиң Сапаргүл менен “Би-Би-Сиде” чогуу иштедик деп сыймыктанар эле. Силер экөөңөр баш кошкондо аябай сүйүнгөнбүз... Ал сыймык баарыбыздын көкүрөгүбүздө түбөлүктүүлүккө айланды...
Султан Раев
“Улан иним көз жумуптур”- деп укканда унчукпай коё албадым...
Эх арман дүнүйө... “Улан иним көз жумуптур”- деп укканда унчукпай коё албадым... айтпай кое албадым...
Менден интервью алгандан кийин мен улуулук кылып бир аз каттуураак акыл айтсам “ай байке, болсом сиздей болоормун да”- деп жаркылдап күлүп, кайрадан менин көңүлүмдү көтөрүп койгон эле...
Эх Улан иним... мендей болуп 50 жашка чыксаң кана, анда сен Кыргызыма кыйла кызмат кылбайт белен! Менден да көп кызматың өтмөк... Себеби сен менден көрө тайманбас, акыйкаттуу, эр жүрөк жана акылдуу инсан элең...
Кыргызымдын бычакка сап болоор көк жал, эр жүрөк баатыры элең...
Кош бол Баатыр...Жаткан жериң жайлуу болсун... Эх арман дүнүйө...
Камчыбек Ташиев
Улан Эгизбаевдин көлдөгү ажалы көзгө элес болуп тартылып өтөт...
Үстүңдөн каркыралар кыйкуулашып,
Кайдадыр далай жолу учушкандыр...
Качанкы замандарда ак булуттар,
Канча ирет жамгыр болуп, мөндүр болуп,
Тамчылап көктөн ылдый куюлгандыр...
Сыдырым шамал согуп, кээде удургуп,
Буюгуп бороон болуп улугандыр...
Эзелки бабалардын сырын катып,
Толкундар дастан айтып жаткан сымал,
Сезиле берет мага эмнегедир...
А балким жоодон кайткан жалгыз жоокер,
Жээгиңде жүзүн чайып өксүп-өксүп,..
Жоготкон досторду эстеп ыйлагандыр...
..көл жээгиндеги көбүргөн толкундарды, алыстагы мөңгүлүү тоолорду, асманда самсаалаган ак мамык булуттарды кыйлага тиктеп туруп “..бу көл тээ канчалаган кылымдар мурун деле ушунтип шарпылдап тургандыр, үстүндө булуттар үзүк-үзүк болуп кайдадыр сүрүлгөндүр, суу үстүн шамал чайпап, бирде жамгыр, бирде мөндүр жаагандыр, үстүнөн канча ирет ар кыл канаттуу парандалар.. кыйкуулаган каркыралар учуп өтүшкөндүр...”- деп кыялый таржымалдарды элестеттим эле - жакында эле Ысык-Көлгө үй-бүлөм менен эс алганы барганда. Анан ошону ыр кылып жазыптырмын эргип. Анан эмнегедир “дал ушул жээкте балким жортуулдан кайтып келаткан жоокер атынан түшүп... сууга бетин чайып... салгылашта шейит кеткен эн ынак, эң сырдаш досторун эстеп буркурап-буркурап ыйлагандыр...” деген элестөөлөргө алдырып ырдын акыркы саптарын ошентип бүтүрүптүрмүн... Эми мындан ары деле буюрса Ысык-Көлгө далай барып, көл жээгинде толкундарды, булуттарды, алыскы тоолорду тиктеп кыялга батаармын... Бирок, бир нерсени так билем. Эми көлдөгү толкундарды качан барып тиктебейин, коррупционерлер менен аеосуз кармашкан, арыкчырай, кырдач мурун, бүркүт кабак Улан Эгизбаев деген журналист жигиттин көлдөгү ажалы көзгө элес болуп бир тартылып өтөт, тамактан ый аралаш ысык жаш кылк жутулат... Жайын жаннаттан болсун иним, оомиин...
Эрнис Кыязов, тележурналист
Кыргыз дагы бир кырчынынан айрылды...
“Жакшы жан элең аялуу,
Жакшыны кайдан аяды.
Боз шыбак баскан мүрзөңдүн,
Боздотуп турар карааны”,- деген Шакенин “Агындыларын” окуп Алайда жүргөм. Ар кандай маалыматтардан убактылуу алыстап анан ушул төрт сап ырын окуп жатканда, “белгилүү журналист, Улан Эгизбаев сууга чогуп өлдү”, дегенди угуп, чак түштө чагылган түшкөндөй дендароо болуп, кабыргам кайышып турдум. Атаганат, ажалга айла жок экен, кыргыз дагы бир кырчынынан айрылды. Сүйлөгөнүн баскан турганын кызматын өз курдуулардан өзгөчөлөнгөн, кудайдын берген белегиндей жан элең иним. Эч бир пенде кынтык таба албаган, өздү дагы, өзгөнү дагы тамшандырган, досуңду дагы, душманынды дагы ынандырган аналитикалык ой жүгүртүүң, жогорку деңгээлдеги журналистердин сап башында элен! “Азаттыктын” жалпы жамаатына, Венера, Айзада Касмалиевага терең кайгыруу менен көңүл айтам! Үй-бүлөсүнө жакындарына сабыр тилейм. Кайрат кылгыла, орду толгус оор жоготуу! Кош Улан! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болуп, кудайым бейиштин гулбакчасын насип этсин!
Бөдөш Мамырова, Жогорку Кеңештин мурдагы экс вице-спикери
Булак: “Майдан. kg” гезити