Ош шаарынын тургуну Гүлбарчын ГЕДЕЙБАЕВА редакциябыздын босогосун ыйлаганча эле аттады. Көрсө, чындыкты жазып жана ар жакка арыздандандыгы үчүн акыркы күндөрү аны ачык эле коркутуп-үркүткөндөр көбөйүптүр. Араң сооротуп, анан акырында датын тыңдаганга дагы батындык.
- Ош шаарына нак борборунда жайланышкан Гапар Айтиев атындагы көчөнүн 9-үйүнүн 8-батиринде отуз жылдан бери жашап келатам. Соңку мезгилде кутурган кошунабыз Умида Абдуллаева биринчи кабаттагы өзүнүн үйүндө эле “Оазис” кафесин мыйзамсыз ачып, анан аны күнү-түнү тынымсыз иштетип келатат,- деп чырылдады Гүлбарчын ГЕДЕЙБАЕВА. – Мына, көрдүңүздөр го, “Оазис” кафесинен чыккан түрдүү сасык жыттар буерде жашагандардын жана дегеле кафеге баш баккандардын саламатчылыгын дагы куп өлтүрүп жатат. Мындан тышкары кафеге орнотулган газ баллондор ого бетер үйлөрүбүздү булгап бүттү, эй! Үйлөрүбүздү чекесинен келемиштер дагы басып кетти. Сутка бою тынччылык деген жок! Бул жөнүндө кайрылбаган жерибиз - жазбаган орган-мекемелерибиз калган деле жок! Эч кимиси аталган коомдук тамактануучу жайды дыкаат текшерип, ээсине мыйзам чегинде катаал чара көргөнгө таптакыр даабай келатышат. Анткени, биздин угушубузча, ишкер Умида айым текшерүүчүлөрдүн ооздорун ири өлчөмдөгү акчалар менен гана жаап келатыптыр.
Ушинткен Гүлбарчын ГЕДЕЙБАЕВА соңку тапта ага жана үй-бүлөсүнө тынбай телефон чалып, болбосо атайы үйүнө дагы келишип коркутуп-үркүткөндөр арбыгандыгын кошумчалады. Андыктан, биз дагы атайын журналисттик иликтөө жүргүзүүгө батыл кириштик. Буюрса, ар тараптуу териштирүүбүздүн жыйынтыгын дагы сааты чыкканда өзүнчө кең-кесири жарыяламакчыбыз...
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: “Майдан.kg” гезити