3-январда Киевдин округдук административдик соту Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясынын лидери Михаил Саакашвилини качкын же кошумча коргоого муктаж адам деп таануудан баш тартты.

Шаршембиде Ирандын бир катар шаарларында өкмөттү колдогон миңдеген адамдар массалык демонстрацияларга чыгышты. Алар өткөн жумадан бери өлкөдө уланып жаткан нааразылык акцияларга каршы экендиктерин билдиришти.

Соттун чечими боюнча акчалай доого жыгылган журналисттерге "Cөз эркиндигин коргоо комитети” элден чогултуп жаткан каражаттын суммасы 30 миң сомго жетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна уюмдун жетекчиси Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, акция дагы уланууда.

Ашхабад аэропортунда бажы кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн кол баштыктарын мажбурлап текшеришип, дары-дармектерин алып коюшууда.

Казакстандын Улуу Британиядагы элчиси Ерлан Идрисов британ гезитинин Астананы «менменсинүү долбооруна» салыштырганын негизсиз деп эсептейт. Ал Астанада «жеке адамга сыйынуу» орногону тууралуу пикирди «сандырактык» деп атады.

Кыргызстан британиялык белгилүү туристтик уюмдун эс алууга жагымдуу өлкөлөр тизмесине кирип, 20 мамлекеттин арасынан бешинчи орунду ээледи. Бул тууралуу маалыматты Backpacker уюму өзүнүн Facebook баракчасына бүгүн жарыялады.

Анжиян облусунун Избаскан районунун тургуну 10 жаштагы кызына сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүүгө айыпталууда. Бул маалыматты укук коргоо органдарындагы булактар тастыкташты.

Худжанддын төрт жашоочусу натрий нитрати кошулган ашка ууланып мерт болду. Бул боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын 2-январда шаар прокуратурасы кабарлады.

Мындай чечимди өлкөнүн Конституциялык соту 2-январда кабыл алган. Жергиликтүү медианын кабарларына караганда, өткөн аптада президент Игорь Додон премьер-министр Павел Филип өкмөт мүчөлүгүнө сунуштаган жети адамдын талапкерлигин кайрадан четке каккан эле.

Ирандагы толкундоолордон кийин кармалгандар “Кудай менен касташкандар” катары айыпталышып, өлүм жазасына тартылышы ыктымал. Бул тууралуу Тегеран революциялык сотунун башчысы Муса Газанфарабади билдирди. Ал канча адам камалганын так айткан жок.

 

Европа биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 10 миллион евро бөлдү. Билим жана илим министрлиги кабарлагандай, бул каражат билим берүү секторуна бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн колдонулат.

Бишкек, «Саясат. kg». Ал мамлекет үчүн күрөшүүнү эмес, бизнесинин бүтүндүгүн, жанынын тынчтыгын тандап алды.

Бишкек, «Саясат. kg». Камчыбек Ташиев кайрымдуулук сапарын аз камсыз болгон, көп балалуу үй-блөдөн улантты.

Кыргызстанда дайыма шайлоо алдында талапкерлер карапайым элдин добушун алуу үчүн жаңы төрөлгөн наристелерге сүйүнчү пул, көп балалуу бүлөлөргө жөлөкпул берүүнү убада кылып келишет.

Бой келбети келишкен кыздардын денесин жарым жылаңач кылып көрсөтүп шоу-бизнес жасагандардын кызыкчылыгы башка жакка оогонбу же келе жаткан ит жылына “сюрприз” жасайлы дешкенби, 22-декабрда борбор калаадагы Bishkek Park соода борборунда Dog’s Fashion Show 2018 деп аталган  иттердин мода көргөзмөсү өткөрүлүптүр.

 Сабыр Муканбетов: "Коррупцияга каршы күрөш урааны астында көптөгөн саясатчылар репрессияга кабылып, камалып, далилсиз соттолуп абактарда олтурат. Сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй кысымдар жасалып, сот аркылуу миллиондогон айып пулдар салынып жатат. Бир жагынан, тигинтип дүйнөгө үлгү болуп, шайлоо жолу менен бийлик алмаштырып жатабыз, экинчи жагынан ошол максаттарга жетебиз деп жатып башка баалуулуктардан айрылуудабыз".

Суу баскан шахталарга дагы заманбап насостор орнотулуп, кенчилердин эмгек шарттары дээрлик жакшыртылат. Бул жөнүндө Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун акими Жаныбек ИСАКОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады.

Кошуналарда эмне сөз?

Экс-акыйкатчы, Турсунбек Акун менен мамлекетибиздеги саясый кырдаал тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.