Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Абылов Руслан Кожоналиевич өз арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулгандыктан, КР БШКнын 2018-жылдын 8-январындагы отурумунда аталган айыл өкмөт башчысын шайлоону 2018-жылдын 26-январына дайындалды.


Шайлоо саат  9:00дөн 12:00гө өткөрүлөт, аны мыйзамдарга ылайык уюштуруу жана өткөрүү Тоң аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.