Бишкек ШИИБинин маалыматына караганда, 13 жаштагы кызды балалуу кылган эркек изделүүдө. Учурда бардык тийиштүү иликтөө-тергөө чаралары жүрүүдө. Соттук экспертиза да дайындалган, бирок, азырынча корутундусу чыга элек. Буга бир нече ай керектелет.
Эске салсак, Лебединовка айылындагы мектепте 7-класста окуп жаткан кыз кош бойлуу экени айтылган. Ал 23-декабрда көз жарган. Баланын атасы ким экени азырынча белгисиз.