Картинки по запросу зимняя погода  

 

КР ӨКМнын маалыматына караганда, ушул жуманын аяк чендеринде аба ырайы кескин өзгөрөт. Батыштан соккон шамалдын күчү 22 м/с га жетет.

 

11-12-январда эртең менен кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун айрым аймактарында кар калыщ жаайт. Мындай аба ырайы бак-дарактардагы жана электр зымдарындагы ным кардын пайда болушун жаратып, жолдор тайгалак болот.

 

 Буга байланыштуу өлкө аймактарында суук аба ырайы орун алат. Чүй жана Талас аймактарында, Ысык-Көлдө түнкүсүн -7... -12, күндүзү -1… -6 градус суук болот.  

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн   -3…-8°, күндүзү - 0…5°,   Нарын облусунда түнкүсүн  -18…23°, күндүзү  -5…-10 градус суук болот.