Россиянын Москва облусунда жайгашкан «Жуковский» абамайданынын жанынан эки адамдын өлүгү табылган. Алар Кыргызстандын жарандары экендиги аныкталган.
Бул тууралуу Фейсбуктагы барачасына КР ИИМдин өкүлү Аскат Алиев жазды.
Маалыматка караганда, маркумлар 2017-жылдын 29-декабрында жашап жаткан батиринен чыгып кетишкен бойдон кайрылышпаган. Алардын жакындары кийинки күнү эле Москва шаарынын полициясына кайрылышкан, андан улам эки жаранды издөө иштери башталган.
30-декабрда Москва дарыясынын жээгинен балыкчылар 38 жаштагы эркек кишинин сөөгүн табышкан. Ал издөөдөгү жаран экени аныкталган. Полиция экинчи жарандын сөөгүн 7-январда биринчи сөөктөн анча алыс эмес жерден табышкан.
Москванын тергөө комитети «киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Соцтармактардагы маалыматтарга таянсак, каза тапкандардын бири 7 жаштагы оорукчан баласын Германиядан операция жасатууга каражат топтоо үчүн Москвага кеткенине бир ай гана болгон. Ал курулуш тармагында эмгектенип, январдын онуна чейин иш токтогондуктан, кайра Кыргызстанга кетүүнү пландап жаткан. Артында үч баласы калды.