Картинки по запросу эльнура алканова 

 

«Фергана» сайтына журналисттик иликтөөсүн жарыялаган журналист БТА банктын «банктын жашыруун маалыматтарын ачыкка чыгарды» деген айыптоосуна кабылган.


Журналист Элнура Алканова БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча кылмыш ишине күбө катары суракка чакырылган. Бул тууралуу өзү билдирген. 

 

Айтымында,   8-январда Экономикалык кылмыштарга каршы кызматка сурак берген.  

 

Ал кылмыш ишине күбө катары каралып жатканына карабай,  чет мамлекетке чыгууга тыюу салуу чарасына туш келгенине түшүнбөгөнүн айтууда.

 

«Мен күбө болсом, эмнеге сыртка чыкпоо чарасына туш келишим керек деп сурасам, тергөө органы катары биз өзүбүз ушундай чараны колдонууга акылуубуз деп жооп беришти», - дейт журналист.