Картинки по запросу пособие для новорожденных кыргызстане  

 

Негизи эле биздин өлкөдө жарандарга кандайдыр бир жеңилдиктерди берген мыйзамдар кабыл алынгандан кийин да ишке кириши создуктурулат. Ал эми жарандардан мамлекеттин пайдасына эмненидир алуу керек болсо, мындай маанидеги мыйзамдар кабыл алынгандын эртеси күнү эле колдонула баштайт.

 

Парламент депутаттары тарабынан кабыл алынган ымыркайларга сүйүнчү акча берүү мыйзамы да ушул жылдын январынан баштап колдонулат деп айтканы менен азырынча колдонуу ойлонулбай жатканы маалым болду.

 

Жалал-Абад  шаарынын тургунунун айтымында, ал ушул айда кыздуу болуп, тийиштүү документтерди даярдап, сүйүнчү акча алууга социалдык коргоо тармагына кайрылган. Бирок, ал жактагылар сүйүнчү бермек тургай, мындай мыйзам чыкканын билишпегенин айтышкан.

 

«Ишке ашырылбагандан кийин мындай популисттик мыйзамдардын эмне кереги бар?» - дейт нааразы болгон жаран.

 

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, сүйүнчү акчаны январдын аягынан баштап бере башташат. Анткени, каржылоо февраль айында ачылат. Балалуу болгондор тийиштүү документтерди тапшырып кое берүүлөрү керек, ал эми акчаны он күндүн ичинде алышат.