Декабрь айынын аягында Беловодск айылындагы жергиликтүү кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Сейитбек Надырбеков ушул эле айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Советбек Орозалиевди сабаган.

 

Бирок, чоң муштум депутатка дагы деле кылмыш иши козголо элек. Москва райондук ИИБинин маалыматына караганда, жабырлануучу окуя болоору менен денесиндеги көгала тактарын экспертизадан өткөрүп, милицияга арыз жазган. Бирок, жабырлануучу ооруканада болгонуна байланыштуу кылмыш ишин козгошкон эмес.

 

«Ал микроинсульт алган. Ооруканадан чыккандан кийин кылмыш ишин козгоо керектигин, же керек эместигин чечебиз», -дейт милиция.

 

 Жергиликтүү кеңештин депутаттары баштапкы көрсөтмөлөрүн өзгөртүшүп, мушташты көрүшпөгөнүн айта башташканын да белгилей кетели.