Бишкекке газ менен жүрүүчү автобустар жылдын экинчи жарымында алынып келинет.
Бул тууралуу КР Өкмөтүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, мындай ыкмадагы жаңы автобустарды сатып алуу менен абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу максаты коюлган.
Бишкек мэриясы автобустарды сатып алуу үчүн "Газпромбанктан" 12 пайыз үстөгү менен жети жылга 3,5 миллиард сом насыя алат. Ар бир автобустун баасы 10 миллион сомдун тегерегинде болушу мүмкүн.