Учурда кылмыш иши козголуп, Канат Исаев убактылуу жайда кармалып жатат. Биз Канат Исаевдин кызы Бермет менен байланышып,  бир нече суроо бердик.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Кыргызстан эли 11 талапкердин ичинен президент шайлайт. Бирок IRI институтунун (International Republican Institute), маалыматы боюнча шайлоонун экинчи туру болушу мүмкүн.

Бишкек, "Саясат. kg". Шайлоого эки күн калганда талапкер Бекназаров шайлоого талапкер катары катышуудан баш тартты. 

Бишкек, "Саясат. kg". Атамбаев элди ынтымактуу болууга жана ар кандай эл бузмай аракеттерге алданбоого чакырды. 

Ооганстандан көчүрүлүп келинген памирлик кыргыздар Нарынга бүгүн 13-октябрда кечке маал барышат.

Азимбек Бекназаров талапкерлигин алып салуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынына расмий арыз тапшыра элек. Бул тууралуу БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова “Азаттык” радиосуна билдирди.

Президенттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо штабы ал башка талапкерге кошулду деген маалыматты четке кагууда.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин маалымат кызматы Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаковдун 11-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча Фейсбук баракчасына жазганы тууралуу расмий билдирүү таратты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, 12-октябрда кечки саат 19.00гө карата кыргыз-казак чек арасында элдин топтолуусу байкала элек.

Кыргызстандын мурдагы Билим берүү жана илим министри, ЖКнын экс-депутаты, профессор, илимпоз Каныбек Осмоналиев менен көпчүлүктү ойго салган президенттик шайлоонун алкагында баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык. Анда кеп башынан болсун.   

 

Президент Алмазбек Атамбаев 10-11-октябрга пландаштырылган Сочи шаарына жумушчу сапарына барбай турган болду. Анын ордуна ѳкмөт башчысы Сапар Исаков баштаган делегация жөнөп кетти.  

Бишкек, "Саясат.kg". 2017-жылдын 14-октябрында Кыргызстан боюнча үгүт иштери токтотулуп, “жымжырт күнү” деп жарыяланат. Бул тууралуу  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  билдирди. 

“Эптеп ушундай жол менен Бабановду бийликке алып келип алсак, жеген-ичкендеримди сиңирип кетем, андан сырткары дагы майлуу-сүттүү кызматка отуруп калышым кеп эмес” деген ойдо болуп атканын эң сонун түшүнүп турабыз.  

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргыз президентинин ырын өзбек ырчысы ырдады. 

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 11-октябрда суу, газ жана электр кубаты үчүн жеңилдиктерди жокко чыгарууга көрсөтмө берди. Тапшырма мунай баасы төмөндөп, мамлекеттин кирешеси төмөндөп, экспорт азайган маалга туш келди.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) пландык чек ара оперециясы жүрүп жатканын билдирди. Комитеттин 11-октябрда тараткан билдирүүсүндө операция бардык мамлекеттик чек араларда, анын ичинде казак-кыргыз тилкесинде өтүп жатканы айтылат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин июнда Орусияга болгон мамлекеттик сапары маалында Кыргызстандын Орусиянын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда кечүү тууралуу протоколго кол коюлган. Бул тууралуу парламенттин кароосуна түшкөн протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунда жазылган.

Тажикстан КМШ өлкөлөрүнүн саммитине төрагалык кылган мезгилде коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулук маселелери приоритет бойдон калат. Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон Сочиде өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында билдирди.