Атамбаев мыкты студенттерге стипендия тапшырды. Анда, мамлекет башчысы буга чейин студенттерге олуттуу темада сүйлөп бербегенине өкүнөөрүн айтты.

 

«Президент катары силерге беш-алты жолу стипендия бердим, бирок бир да жолу олуттуу нерселер тууралуу айтпаптырмын. Ошондуктан, бүгүн олуттуу темада азыраак кеп козгогум келди. Анткени, жакынкы шайлоодо жаштар көп алданышты. Биз өз эгемендүүлүгүбүз үчүн күрөштүк», - деди президент.

 «Казакстандын жетекчилигине 1986-жылы Москвада такыр бөлөк адамдарды бекитишкен, декабрда Алматыда миӊдеген жаштар митингге чыгышып, көбү атылып кетти. Бүгүнкү Казакстандын башчылары муну унутуп койгону өкүнүчтүү», - деди президент.

 

 Президент президенттик шайлоодо Кыргызстанга башка мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөгөн талапкерлерди өткөрүүгө аракеттер болгонуна токтолду.

 

«Биз эми эгемендүүлүктү чет өлкөлүк армиянын кирип келиши менен эле жоготуу мүмкүн эместигине ишендик. Акыркы шайлоодо мен Кыргызстанга кийин Кыргызстандын кызыкчылыгына иштебей турган адамды таӊуулагандарын көрдүм. Абдан харизмалуу, сулуу талапкер. Албетте, көбү анын ушул өзгөчөлүгүнө тартылышты. Шайтан дайыма сулуу адамдын түспөлүндө келет эмеспи. Биз эгемендүүлүгүбүздү сакташыбыз керек», - деп кошумчалады Атамбаев.