Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин билдирүүсүн  Башкы прокуратура териштириши керек дейт комиссиянын айрым мүчөлөрү.

 

Кайрат Осмоналиев журналисттерге кайсы бир тарап бир нече кесиптештерин сатып алууга аракет жасап атканын билдирген. Анан алар сатылган мүчөлөр шайлоонун жыйынтыгын таанууга каршы чыгышын талап кылышкан.

 

 Бирок, БШКнын башка мүчөлөрү Осмоналиевдин бул билдирүүсүн провокация деп аташты. Алардын пикиринде, мындай билдирүү БШКнын коомчулуктагы абройун түшүрүүгө жасалган аракет.

 

 Гүлнара Журабаеванын айтымында, Башкы прокуратурага кайрылып, Осмоналиевдин арызынын чын-жалганын териштириш керек.

 

«Болбосо бул жөн гана жалаа жабуу жана манипулция. Жеке мен кесиптештерим кайсы бир тарапка акчага сатылып кетээрине ишенбейм», - деди ал.

 Эске салсак, бүгүн шайлоо жыйынтыгына каршы чыгууга арыз берүүнүн акыркы күнү.