«Коӊшу мамлекет менен мамилебизди көрүп турабыз. ЕАЭБ, ЖККУда чогуу экенибизге карабай, чегарада абал оорлошту. Бул убактылуу нерсе деп ойлойм», - деген лидер мындай абалдын жаралышына айрым саясатчыларды айыптады.

 

«Кыргызстан менен Казакстандын достугу уланат жана бекемделет. Жөнөкөй жарандар жабыркабашы үчүн азыркы кырдаалды чечүү керек. Мен өзүбүзгө да, казак тарапка да кайрылып, Казакстандын жетекчилигине кайрылам: мурдагыдай достук мамилебизди сактайлы. »