БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссия мүчөлөрүн сатып алуу аракеттери тууралуу эч нерсе билбей турганын айтты.

 

Айтымында, комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин арызын иликтөө үчүн Башкы прокуратурага кайрылышпайт, анткени, андай факт жок.

«Мен эч нерсени билбейм», - деген Нуржан Шайлдабекова.

 

Эске салсак, Кайрат Осмоналиев журналисттерге айрым адамдар БШК мүчөлөрүнө акча сунуштап, шайлоонун жыйынтыгын таанууга каршы чыгууга үгүттөшкөнүн билдирген.