БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге маалымат таратты. Анда, Осмоналиев кайсы бир тараптын адамдары комиссиянын мүчөлөрүнө акча сунуштап атышканын айткан.
«Алар акча сунуштап, шайлоонун жыйынтыгын таанууга каршы болууга чакырышууда», - деди ал.
Ошондой эле ал айрым кесиптештери мындай «дүӊүнөн сатып алууга» ыктап атышканын белгилеген.