Бүгүн Атамбаев мыкты окуган студенттерге стипендия тапшырды.
«Эч убакта тарыхты унутпагыла жана кемчиликтериӊер менен күрөшкүлө. Бул абдан кыйын, бирок, жеӊилбегиле», - деди президент.
«Мен ашыкча эмоционалдуулугум менен күрөшө албадым. Азыр 61 жаштамын, «бүкүрдү кепин түздөйт» дегендей эле болду. Кимдир бирөөгө чындыкты айтуу керек. Ал анан жакпай калат. Бирок, мен дайыма чындыкка жана чынчыл адамдарга таянып жеӊип келдим», - деди мамлекет башчысы.