Бүгүн президент мыкты окуган студенттерге стипендия тапшырды. Студенттерге аманчылык, өмүр каалаган президент кандай кырдаал болбосун алдыга умтулуу керектигин айтты.

 

«Балдарым менин, аман-эсен болгула. Баары жакшы болот, Кыргызстандын келечеги ачык. Анткени, өз жолубуз менен баратабыз. Кыргыз эли өзүнүн намысын жанынан өйдө коет. Кээде жашагыӊ келбеген да учурлар болот, бул менин да башымдан өткөн. Бирок, демиӊерди суутпагыла, жамандыкты амандык жеӊет дейт. Кыйынчылыкка алдырбагыла», - деди.

 

Ошондой эле мамлекет башчысы жаштарга өз теӊин табууну каалады.

 

«Кудай бардык адамдарды түгөйү менен жаратат. Бирок, жарыкчылыкта чыныгы түгөйлөрдүн табышуусун кыйындатып койгон. Эгер адам чыныгы теӊин тапса, анда күчтүү болот. Бул да менин башымдан өткөн. Муну да жакшы билем», -деген ал жаштарга бактылуу өмүр каалады.