Атамбаев бүгүн мыкты окуган студенттерге стипендия тапшырды.

 

Ал сөз сүйлөп атып кыргыз-казак чегарасындагы учурдагы абалга токтолду:

 

«Бүгүн кыргыз-казак чегарасында маселе жаралып атат. Айрымдар Кыргызстандан транспорттук жол Казакстан аркылуу гана өтөт деп ойлошот. Бул туура эмес. Бизде башка да кошуна мамлекеттер бар. Биздеги свети, газды өчүрүп салышкан убактар эсимде. Бирок, азыр Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан менен мамилебиз эӊ сонун. Ошондуктан, продукцияларыбызды чыгарууга башка жол издешибиз керек», - деди мамлекет башчысы.

 

 «Чынында Кыргызстан Россия менен кесилишет. Казакстандын президенти бул тууралуу ойлонбойт окшойт. Назарбаевдин айланасында Казакстанды ойлоп койбогон олигархтар жүрөт. Назарбаевди да ойлошпойт. Алар өздөрүн гана, батыш банктарындагы эсептерин гана ойлошот», - деп кошумчалады Атамбаев.