Бүгүн, 27-январда «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» төрагасы Айтмамат Назаров «Электр станциялары» ААКтын жамаатына башкы директордун биринчи орун басары Таалай Бектеновду тааныштырды. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен болгон бардык каттамдар толук бойдон токтотулду. Бул тууралуу КР премьер-министри Мухаммедкалый Аблыгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылды.

Айбек Мусаев КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары кызматына киришти. Ал тууралуу буйрук чыгып, бүгүн, 27-январда жамаатка тааныштырылганын КТРКдан тастыкташты.

Бүгүн, 27-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "24.kg" сайтына койгон доосунан баш тартты. Бул тууралуу Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М.Сулайманова тартип жоопкерчилигине тартылып, мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү. Бул чечимдин негизинде президентке аталган судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 27-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ боюнча жактоочулардын аппеляциялык даттануулары каралууда. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБ жаңыланганга чейин ар бир күз-кыш жылуулук мезгилине даярдануу үчүн гана жылына 4 миллион 500 миң сом каражат коротулуп турганын айтты.

Кыргызстан коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев өмөттүн кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим беруу, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде алимент тууралуу долбоор талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модини жана Индия элин улуттук майрамы — Индия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Орусия Сингапурдун жолу менен дүйнөгө экономикалык сыйкырдуу бурулуш алып келиши мүмкүн. Мындай оюн даниялык тарыхчы жана журналист Йенс Йорген Нильсен билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл — Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Акыркы эки жылда Коопсуздук кеңеши ынындыруу ыкмасы менен иш-аракеттерди жүргүзүп, чечимдерди ишке ашыруу зарылдыгын эскертип келген.

Кечээ 24-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык фонд «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулбай, өз алдынча коммерциялык түзүм түзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылып: «Силерге коррупционерди кармап беришти, силер болсо аны коё бердиңер», - деди.

Коопсуздук кеңеши өкмөткө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Жолдошбек Жунушевди кызматынан бошотууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков, Бишкек шаардык унааларды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматовдун иши боюнча сот органдарына жана башкы прокуратурага сын айтты.