Анын пикиринде, мындай бурулуш 2024-жылы болушу мүмкүн. Ал үчүн Орусия президенти В.Путин ордун өткөрүп берип, казак лидери Н.Назарбаев сыяктуу саясый процесстерге көзөмөлүн улантууга тийиш. Царьград каналы бергендей, Нильсен Батышты авторитаризм үчүн Путинди сынга алууну токтотууга чакырды. Анын ою боюнча, демократ аташкан Ельцин, чындыгында, “Путинге караганда, көбүрөөк падыша болгон”. Тарыхчы “либералдар дайыма эле демократ боло бербестигин” кошумчалады. Тарыхчы эсептегендей, Ю Орусия 2024-жылдан кийин 90-жылдардагы либерализмге кайтпастан, Ли Куан Ю Сингапурда жасагандай экономикалык бурулушту кура баштаганы дурус.

Эскерте кетсек, Ли Куан Ю 31 жашында 1959-жылдан 1990-жылга чейин премьер-министр болгон, андан соң улук министр, ал эми 2004-2011-жылдары уулу Ли Сяньлун өкмөт башында турганда, ал устат-министр кызматын ээлеген.

Булак: KyrgyzToday.kg