Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбай жаткандыктан кабыл алынган.
«Буга чейин Мамэкотехинспекциядагы 6 кызматкер пара талап кылганы үчүн кармалган. Ошондой эле жетекчилер Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашырууга байланыштуу чоң каталарды кетирген», - деди Сагынбаев.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын ишмердүүлүгүндө коррупциялык схема аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирген.
Мамэкотехинспекциядагы айрым кызматкерлер мыйзамсыз баюу максатында жеке компаниялардан архитектуралык-курулуш көзөмөл боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн акча каражатын алып жүрүшкөн.
«Буга чейин козголгон кылмыш иштин (Жазык кодексиндеги коррупция жана пара алуу беренелери) алкагында атайын тергөө иштеринин жыйынтыгында коррупциялык схеманын фигуранттары колго түштү.
11-декабрда Мамэкотехинспекциянын башкармалыгынын башчысы А.Т. менен башкы инспектор Б.Б. 2000 доллар алып жаткан учурда кармалды. Жалпы аталган инспекциянын 6 кызматкери, анын ичинде А.Т. да УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», - деп айтылган маалыматта.
Булак:Баракелде