Президент аларга коррупцияга шектелип кармалган транспорт каражатын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Насирбек Алмаматовдун ишин эске салды. 2019-жылдын март айында райондук сот Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми шаардык кеңеш июль айында ага 3,3 млн өлчөмдөгү айып пул салып, сот залынан бошоткону тууралуу октябрда белгилүү болгон. Кийинчерээк Жогорку сот бул чечимди четке кагып, укук коргоо органдары Алмаматовго издөө жарыялаган.
«Бул чуулгандуу иш. Эмне деген мамиле? Аны кармоо боюнча бир нече ай коррупцияга каршы иш-чара жүргүзгөнбүз. Аны бошотуу боюнча чечим чыгарган судьяларга эмне үчүн чара колдонбой жатасыңар? Буга жол берген прокурорду эмнеге жумуштан алган жоксуңар? Сот эмне үчүн иштеп жатат?», - деп сурады президент.
Ошондой эле президент прокурордун артында кимдир-бирөө турарын болжолдоп: «Эмне үчүн тартип комиссиясы судьянын күнөөсү 100% көрүнүп турса дагы ага карата чара көрбөйт? Эч нерсе болбогондой. А силер былтыйып отурасыңар. Мындан элдин бийликке болгон ишеними көз каранды! Бул эмне деген акмакчылык?», - деди.
Өлкө башчы белгилегендей, ал эл алдында сүйлөгөндө бир нече жолу бул маселени көтөрүп, башкы прокурор менен Жогорку соттун төрайымын жемелеген.
«Бул эл тарабынан берилген мамлекеттик кызмат. Силер кармалган коррупционерди соттогон жоксуңар. Силер кантип коррупция менен күрөшөсүңөр? Жарандык коом нааразы, ал эми силер отурасыңар», - деди Жээнбеков.
Булак: Баракелде