Ал белгилегендей, коррупциялык схемаларды түзгөнү үчүн биринчи инстанциядагы сот ага 12,5 жыл берсе, кийинки инстанциядагы сот аны бошоткон.
"Ал резонанстуу иш болчу. Жалпы коомдун талкуусуна түшкөн. Мен ал тууралуу ММКлардан билдим. Коррупцияга каршы кызмат күнү-түнү дебей иштеди, коррупция үчүн Алмаматовду кармады. Бир прокурор менен сот аны бошотуп жиберди. Бул мени таң калтырат. Эмнеге ал прокурор кызматынан алынган жок? Эмнеге сот алигиче иштеп жатат?". - деди ал.
"Эч нерсе болбогондой жүрөсүздөр. Коом андай тапшырманы мени берген деп түшүнүп жатат. Мындан кийин эл мамлекеттик органдар менен сотко кантип ишенет? Эгер сизде чара көрө албасаңар, силер өзүңөр – Башкы прокуратура менен сот – ага аралашкансыңар. Эмнеге чара көрбөй жатасыңар? Соттун өзүндө коррупция болуп жатса, биз коррупция менен кантип күрөшөбүз. Бул тууралуу баыры айтып жатышат. ММК жазып жатат, жарандык коом маселени көтөрүүдө. Ал силер камырабай отурасыңар", - деди ал.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык унааларды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Тергөө билдиргендей, ал унаа каражаттарын каттоо жана кайра каттоодо коррупциялык схема түзгөн. 2019-жылдын март айында райондук сот аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, июль айында шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, ага 3,3 млн сом айып салып, камактан бошоткон. Кийин Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, биринчи инстанциядагы соттун 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Учурда ал издөөгө алынган.
Булак: Кабар