Буга чейин Таалай Бектенов «Электр станциялары» ААКтын башкы директорунун капиталдык курулуш боюнча орун басары болуп эмгектенген. Ал эми «Электр станциялары» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары кызматын Исланбек Сарсейитов ээлеп келген. Ал өзүнүн каалоосу менен арыз жазып кеткен.

Таалай Бектеновдун резюмеси:

- 1996-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган;

- 2015-2018-жылдары «Электр станциялары» ААКтын филиалынын башкы инженери;

- 2018-жылы «Электр станциялары» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары;

- 2018-2019-жылдары «Электр станциялары» ААКтын техникалык директору;

- 2019-жылдын 12-ноябрынан 2020-жылдын 24-январына чейин «Электр станциялары» ААКтын башкы директорунун орун басары.

Булак: Баракелде