"Иштин жагдайлары тууралуу айтып кетейин. Бишкек ЖЭБи 1961-жылы ишке киргизилген. 1995-жылдан баштап ЖЭБди модернизациялоо үчүн инвестиция булагын издеп башташкан. Бирок андай мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Акыркы кездерде өлкө ЖЭБди сезонго даярдоо үчүн гана жылына 4 миллион 500 миң сом жумшап турчу. Бул реконструкция эмес, оңдоп-түзөө эмес, бул кезектеги сезонго даярдык көрүү үчүн кеткен каражаттар болчу. Андыктан бул жагдайларды эске алуу менен масштабдуу түрдө инвестиция булагын издөө иштери башталган.
Мисалы, 2008-жылы Нариман Түлеевдин ЖЭБди жарым-жартылай реконструкциялоо үчүн 500 миллион доллар керек деп жазган каты бар. 2008-жылы ушундай сумманы эсептешкен. Биз жеңилдетилген насыяны, өлкө бюджетине оор болуп калбасын деп издегенбиз. Болбосо башка насыяларды алганда электр энергиянын тарифин көтөрүш керек болуп калган. Бул биздин өлкө үчүн аткарылбаган шарт эле. Анткени баарыңыздар билесиздер, 2010-жылы электр энергиянын тарифин көтөрүү ыңкылаптын болушунун себептеринин бири болгон", - деди ал.
Булак: super.kg