Президент Сооронбай Жээнбеков Социалдык фонддун башчысы Медербек Ирсалиевге президенттин жарлыгы менен бардык мамлекеттик органдар «Түндүк» тутуму аркылуу иштеши керектигин айтты.

«Биз 2 жылдан бери бул тууралуу токтоосуз айтып жататбыз. Соцфонд "Түндүккө" кошулбай, өзүнчө иштеп жатат, бул кымбат. Силер өзүнчө мамлекетсиңерби?», - деди президент.

Өлкө башчынын айтымында, ал жерде пенсионелердин купуя маалыматтары бар деген жөн гана шылтоо.

«Эмнеге "Түндүккө" кошулбай жатасыңар? Силерге мындай укукту ким берди? Эгер президент жарлыкка, өкмөт башчы токтомго кол койсо, силер кимсиңер? Силер пенсионерлердин жана коммерциялык банктардын жашоосун татаалдатып жатасыңар! Ишкерлер жана башка мамлекеттик органдар ал жерден бардык маалыматтарды табышы үчүн тутумга кошулуу процессин тездеткиле», - деди Жээнбеков.

Ал Социалдык фонддун башчысынын жоопкерчилигин кароо керектигин айтты. Коопсуздук кеңешинин отчетунда Медербек Ирсалиевге катуу сөгүш жарыялоо сунушталган.

Булак: Баракелде