Ташкентте акыркы эки аптада «көчө авторитети» атына ээ болгон бир нече киши жана алардын ондогон өнөктөштөрү кармалды.

Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек ара бекети эки тараптуу толук иштей баштады.

Бишкек, "Саясат. kg". Коомдук активист Эдил Байсалов чех компаниясы кыргыз ГЭСтерин курат деген биринчи кеп тараганда эле, каршы чыккан. Ал компаниянын жалганчы экенин айтып, Кыргызстан дагы бир жолу алданышы мүмкүндүгүн эскерткен. 

Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны өнүктүрүү жана экспорт агенттиги билдиргендей, "Өзбекстан-Кыргызстан-2017" деп аталган бизнес-форумун 5-6-октябрда Ташкентте өткөрүү белгиленген. Аны менен кошо көргөзмө да болот.

Ээрге кыйшык олтурду эле

Мугалимдер “музыкасы” угулбай

Боёкчу десе сакалын кошо боёп…

Самсы жыттанат да, ыя?

Акыйкат муунуп турганда

Бишкек, “Саясат. kg”. Премьер-министр Сапарн Исаковду Атамбаев “өзүм өстүргөн бала” деди эле. Абдан окшош болуп өсүптүр.

Азербайжан соту бийликти сындап келгендиги менен белгилүү журналист Элчин Исмаиллыны тогуз жылга абакка кести. Анын адвокаты бул ишти саясий куугунтук деп сыпаттоодо.

Тажикстандын Ашт районундагы Пунук айылында жүзгө жакын бала сарык же гепатит А менен ооруп жатат.

Бул тууралуу бүгүн өкмөт жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев "Манас" аэропортундагы америкалык базанын Афганистандан героин ташуу максатында колдонулушу тууралуу жазган батыш журналисттеринин кебинде чындык бар деп эсептейт. Бул тууралуу ал РИА Новости агенттиги менен маектешип жатып билдирген.

Тажикстанда прокуратура сотко балта менен кол салган Диловар Олимовдун ишин тергеп бүттү. Сотто эгер анын айыбы далилденсе, 8 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Москвада мина коюлгандыгы тууралуу маалыматтан кийин полиция жекшембиде 10дон ашуун соода борборун текшерип, 9 миңдей адамды эвакуациялады.

Дүйнө лидерлери БУУНун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркто чогулушууда.

Бишкек, “Саясат. kg”.  Премьер-министр Сапар Исаков мурда-кийин болбогон көрүнүштү өзүнөн баштоону туура тааптыр. Ал элди аралап, базарларды кыдырып, элге жакын өкмөт башчысы болуп көрүнүүгө аракет кыла баштады.

Бишкек, “Саясат. kg”.  КР Акыйкатчысы журналист Зулпукар Сапановдун камалышы тууралуу пикирин билдирди.

Бишкек, “Саясат. kg”. Ата-энелердин балдарын мектепке жайгаштырууда алгачкы төлөмгө болгон нааразычылыктары азайды.