Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапары маалында чек ара документтерине кол коюлат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

Аркандалган жеринен бошонуп, Бишкектин борбордун көчөлөрүнө чыгып кеткен буканын ээси милицияда сурак берүүдө.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Калмурзаев маалымдады. Анын айтуусунда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара бекеттеринде каттамды жеңилдетүү менен эки элдин ортосундагы мамилени жакшыртып, жеке ишкерлерге шарт түзүү каралууда:

Казакстанда Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги Санитардык авиациянын учагынын кыйрашын иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн жарыялады.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, коңшу өлкөнүн маданият күндөрү 6-октябрда Бишкекте башталат.

Социалдык түйүндөргө эки эркек адамдын телефон аркылуу сүйлөшүүсү жарыяланган. Анын биринин үнү "Азаттык" радиосунун кабарчысы Улан Эгизбаевдин үнүнө окшосо, экинчисиники экс-депутат Равшан Жээнбековдукуна окшош.

Улуттук коопсуздук комитети 3-октябрда тараткан маалыматта депутат Канатбек Исаевдин "бийликти күч менен басып алуу даярдыгын көргөн" деген шек менен кармалышын айрым саясатчылар, анын ичинде президенттикке талапкерлер өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн колдонууда деп айтылат.

3-октябрда Ош шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү.

Жалал-Абад шаарында жол кырсыгы азайбай келет, буга айдоочулардын билиминин жана тажрыйбасынын жоктугу негизги себеп болууда. Ошентсе да, кырсыктан набыт болгондор саны өткөн жылдагыдан азайган.

Өткөн жылдан бери кошуна бул өлкө менен мамилебиз жакшыра баштагандан тартып чек ара маселеси чечилип, өтмөктөр ачылып, карапайым элдин турмушу бир топ эле жанданып, соода-сатыгыбыз кызып калды. Ал тургай маданий алакалар да жанданууда.

Жакында Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар отуздан ашык өлкөнүн ичинен 80ден ашык медалдарды утуп алышып, жалпы командалык эсепте 8-орунду камсыз кылышты. Өлкөбүздүн намысын коргогон спортчулардын көпчүлүгү студенттер болушту.

Жалал-Абад шаарында окуучуларга билим берүүнүн сапаты улам жогорулоодо, ал эми жергиликтүү бийликтер мугалимдерге болгон камкордукту күчөтүшүүдө. 3-октябрда Жалал-Абад шаарындагы областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрында мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанатта ушундай пикир жаңырды.

Бир тууган иниси Канатбек оор айыптоолор менен камалгандан кийин бийликке иштөөгө жигиттик намысы жол бербедиби же ансыз деле кетиришерине көзү жеттиби, айтор Канатбек Кедейкановичтин бир тууган агасы, ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Талантбек Исаев отставкага кетти.

Кувейт мамлекетинин “Ас-Сафа” борбору  коомдук бирикмесинин колдоосу менен Лейлекте ФАП ачылып,  эки айылга  таза суу чыгарылды.

Лейлек районундагы балдардын  “Ак-Чыйыр” билим борборунун ачылуу аземине Кыргызстан президентинин кеңешчилери Икрамжан Илмиянов, Абдышүкүр ажы Нарматов, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Чынара Саттарова, ошондой эле Кувейт мамлекетинин  атайын өкүлдөрү катышты.

Бишкекке чын эле ишмер, чарбачыл жетекчи келгенби же шайлоо алдында шаардыктарга иштеп аткан түр көрсөтүп, ишенимине кирели дешкенби, айтор быйыл Кытай өкмөтү берген 50 млн. доллар грантты кошкондо жалпы узундугу 95 километр жолдор толугу менен жасалып, айрым көчөлөрүбүз жаркырап эле калууда.

Кумтөр сыяктуу эле чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы жаңы өкмөттүн абийирин ачып, ашмалтайын чыгарат окшойт. Анткени 2-октябрда бул компания менен кол коюлган келишимдин чоо-жайын иликтеген парламенттик комиссия түзүү сунушталды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек аралардагы өткөрүү бекеттерин ачуу боюнча өткөн жумада дагы бир жагымдуу иш жасалды. Бул ирет Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан “Маданият” көзөмөл-өткөрүү бекети ачылды.

Коомчулук бийликтин ар кандай административдик ресурсту колдонуусуна каршы өз пикирин билдирүүдө. Өткөн ишемби күнү “Акыйкат шайлоо үчүн” деп аталган административдик ресурска каршы акциясынын катышуучулары Бишкектин Ахунбаев-Алмата көчөсүндөгү “24-март” скверине чогулушту.

Бишкек, “Саясат. kg”. Экс-депутат Феликс Кулов үйүн бекер берем дейт, бирок бир суроого жооп тапкан адамга.